«Азыркы жумушум жакшы». Жапыкеев облус башчылыгына чуркабаганын айтты

Финполдун экс башчысы Сыймык Жапыкеев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына барат деген кептерге комментарий берди.

Буга чейин айрым ЖМКлар өз булактарына таянып, жакында эле Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган Жапыкеев мындан да чоң кызматка баргысы келет деп билдиришкен.

Алардын айтымында, прокуратуранын жамааты финполдун мурдагы башчысын кабыл албай койгон, ошондуктан ал бийлик менен жаңы кызмат тууралуу сүйлөшө баштаган.

Жапыкеев өзү болсо «губернатордун креслосуна чуркабаганын», азыркы кызматына ыраазы экенин айткан.

«Облус жетекчилиги, прокуратура жааматы жакшы тосуп алышты. Облустун маселелери менен таанышып атабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин, өзүмдүн эле жумушум жакшы, мыйзамдуулук, адилеттүүлүктү облуска иштетсек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын чеги болбойт экен. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса көлдү тегеренип, эл менен түздөн-түз кезигебиз, облус жетекчилиги менен көйгөйлөрүн угабыз», — деп билдирди ал.

Жапыкеев деген ким?

Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 17-октябрында финполдун башчылыгына дайындалган. Ага чейин «Чоң Казат» партиясынын мүчөсү, «Ашканада» интернет берүүсү аркылуу өлкөдөгү коррупция тууралуу айтып бергендиги менен белгилүү болгон.

2020-жылдын майы айынын башында Жапыкеев видео жарыялап, жергиликтүү депутаттардын, аткаминерлердин жана көпөстөрдүн мүлкүн алуу керектигин билдирген. Ал коррупционерлердин тизмесин түзүп, уурдап алгандарын кайтарып берүүсүн да талап кылууга чакырган. Бул видеодон кийин «Чоң Казат» кыймылы эл оозуна алынган.

2020-жылдын 6-октябрына караган түнү Ак үй басылып алынган соң Жапыкеев өзүн башкы прокурор деп атап алган, бирок кийин бул кызматка Курманкул Зулушев келген. Жапыкеев болсо финполго жетекчи болуп дайындалган — бирок 2021-жылдын февраль айында ал финпол жоюларын жарыялаган.

Мындай чечим 5-мартта өкмөт тарабынан кабыл алынып, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеевге финполдун генерал-майору наамын Садыр Жапаров бир күн мурда берген. Бирок бул жөнүндө 12-мартта Жапыкеев кызматынан толугу менен бошотулгандан кийин гана белгилүү болгон.

Кийин, 30-мартта Башкы прокуратура Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалганын билдирген.