Чыккынчылык иши: Экинчи шектүү казак диаспорасынын мурдагы башчысы

Марат Токтоучиков

Мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган экинчи киши Марат Токтоучиков — ал Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы. Бул тууралуу бир нече ЖМКлар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеги булактарына таянып жазды.

Буга чейин УКМК бул иш боюнча кармалган шектүүлөрдүн бирөө саясат таануучу Марат Казакпаев болгонун ырастаган.

Шектүүлөр 13-апрелде колго түшкөн. Атайын кызмат алар бул ишке аралашканы боюнча «төгүнгө чыгарылгыс далилдер» бар экенин, сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын билдирди.

Ошол эле билдирүүдө «кылмыш ишине берилген жашыруун сырдын даражасын эске алып», кармалгандардын аты-жөнүн жана иштин кырдаалын ачыкка чыгаруу мүмкүн эместиги айтылган. Анткен менен шектүүлөрдүн аты-жөнү бир күндүн ичинде ачыкталды.

УКМК бул кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилиги 10 жылды түзүшү мүмкүн болгонун белгилеген.

Токтоучиков тууралуу ачык булактарда көп маалымат жок. Ал 2017-жылдын октябрь айында «Кабар» агенттигине басма сөз жыйын курган. Анда Токтоучиков чагымга алдырбай, кыргыз-казак туугандык мамилелерин бекем сактоого чакырган.