ИИМ: Ала качууга анчейин көңүл бурбай койгон окшойбуз, бул биздин кемчилик

Парламенттин Укук тартиби, коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 13-апрелдеги отурумунда бир катар маселелер каралып, анын ичинде Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң киши колдуу болушу талкууланды.

Комитет төрагасы Наталья Никитенко ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиевге кайрылып, мындай окуялардын кайталанбашы жана милиция тиешелүү деңгээлде реакция кылышы үчүн ведомство кандай чара көрүп жатканын сурады.*

* Маркум Айзада Канатбекованын апасынын айтымында, кызды уурдап кетишкенден кийин милиция кызматкерлери мыскылдап күлүп, туугандарына бул катардагы эле ала качуу, жакында той жейсиңер деп айтышкан. Ал кызынын уурдалышын милиция таптакыр кылмыш деп эсептебегенин белгилеген.

«Алар "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлдү», — деп Айзаданын апасы Назгүл Шакенова милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүсүн айтып берген.

Абдиев мындай шалаакылыкты «акылга сыйбаган факт» жана «милиция кызматкерлеринин эң одоно катасы» деп жооп берди. Анын айтымында, милициянын айрым кызматкерлеринин үстүнөн чаралар көрүлдү, ал эми УКМК иликтөө жүргүзүп жатат.

«Биз мындан ары мындай сигналдарга жакшылап көңүл бурабыз. Айрым жерлерде биз чын эле бир нерселерди көз жаздымда калтырып жибериптирбиз. Биз ала качууга анчейин көңүл бурбай койгон окшойбуз, бул биздин кемчилик. Биз азыр ар бир кызматкерге түшүндүрүү ишин жүргүздүк. Мындай фактыларга өзгөчө көңүл бурулушу үчүн кызматкерлер арасында сабактарды, машыгууларды өткөрүп жатабыз. Мындай фактылар кайталанбайт деп үмүт кылабыз [...] Менталитетти өзгөртүү үчүн бир канча убакыт керек болот. Биз бул кылмышка болгон көз караштарды өзгөртүүнүн үстүндө иштейбиз. Бул чындыгында эле жапайылык жана кылмыш», — деди Абдиев.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

Кыргызстанда 2013-жылы кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Бирок Кыргызстанда мажбурлап никеге тургузуу максатында кыз-келиндерди уурдап, алар макул болбой койсо изине түшүп, көзүн тазалайбыз деген коркутуулар токтогон жок. Кыз-келиндер уурдалып, зордукталып, ала качкандын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан психологиялык кысымына дуушар болуп келет.

Уурдалган кыз-келиндер көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркап, турмушта өз жолун таап кетүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болбой, укуктары тебеленген бойдон калышууда.

Жакында болуп өткөн кыз уурдоо фактысы коомдо резонанс жаратып, укук коргоо органдарына карата сындар айтылды. Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 5:00те уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкекке жакын жайгашкан Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада автоунаанын ичинде табылган. Ошондой эле, автоунаанын ичинде аны уурдап кеткен кишинин сөөгү да табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип каза болгон.

Айзаданын окуясы Бурулай Турдалы кызынын аянычтуу тагдырын эске салат — Бурулайды дагы артынан түшүп алган киши милиция имаратынын ичинен өлтүргөн.

Эки окуя тең коомдо чоң талкуу жаратып, укук коргоо органдарына карата нааразычылыкты күчөткөн. Бул окуялардан кийин бир катар милиция кызматкерлери жумуштан айдалган.

Тема боюнча:

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?