Бишкекте шайлоого нааразы болгон партия өкүлдөрү ачкачылыгын токтотту

Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, Боршайкомдун алдына митингге чыккан 8 партиянын өкүлдөрү ачкачылыгын токтотту. Бул тууралуу «Кыргызстандын коммунисттер партиясынын» өкүлү Амантур Манапбаев фейсбукта билдирди.

Официально сообщаем, что результаты голосования в УИКах г. Бишкек где выявлены нарушения на основании жалоб будут...

Опубликовано Амантуром Манапбаевым Четверг, 15 апреля 2021 г.

«Мыйзам бузуулар аныкталган Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларынын жыйынтыктары арыздардын негизинде жокко чыгарыла турганын расмий түрдө кабарлайбыз. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова нааразычылык акциясына чыккандар менен жолукканда айтты! Бул биздин кичи жеңишибиз!» — деп жазды Манапбаев.

Манапбаевдин айтымында, Боршайкомдун төрайымы Бишкектеги шайлоо участкаларындагы мыйзам бузуулар боюнча арыздар 20 күндүн ичинде каралып чыгаарын айткан. Анткен менен шаардык кеңешке өтпөй калган партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн кол топтой турганын билдиришти, иш-чара 16-апрелде башталат.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Бишкек шаардык кеңешке алты партия өттү — «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл».

Нааразычылык акциясы 11-апрелде башталган — митингге чогулган партиялардын өкүлдөрү шаардык кеңешке шайлоодо көптөгөн добуш сатып алуу фактылары болгонун айтып чыгышкан. Кийинчерээк Свердлов райондук акимиаты жана соту Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына митингге чыгууга тыюу салган.

Буга карабастан 8 партиянын өкүлү 14-апрелде ачкачылык жарыялап, БШКнын алдында чатыр тигүүгө аракет кылган. Бирок милиция кызматкерлери чатырды күч менен тартып алышкан. Мындан сырткары, нааразычылыкка чыккандарга протокол түзүлүп, 3 миң сом айып салынган.

Шайлоо күнү «Клооптун» байкоочулары 836 мыйзам бузууну каттаган. Учурда алар боюнча БШКга арыздар жиберилген.

«Клооп» берген арыздардын негизинде алгач №1023 жана №1053 участкалык шайлоо комиссиялары өткөргөн көчмө добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган. Бүгүнкү күндө «Клооп» жана «Жалпы иш» берген арыздардын негизинде дагы жети УШК уюштурган көчмө добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарганы белгилүү болду, алар: №1023, №1028, №1029, №1036, №1309, №1311,№1312, №1051 жана №1157 участкалары.

Мындан сырткары «Клооп» участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо жана референдумдун жыйынтыгы боюнча жүздөгөн оңдолгон протоколдорду БШКга жибергенин аныктады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоо-2021: «Клооп» оңдоолор киргизилген жүздөгөн протоколду тапты