«Манас» аэропортунун жанында келинге күйөөсү күч колдонгону аныкталды

Социалдык тармактарда «Манас» аэропортунун алдында кызды белгисиз киши унаасына күч менен салып жаткан видео тарады. Окуя 15-апрелге караган түнү болгон.

«“Хюндайдын” айдоочусу кыздын каршылык көрсөткөнүнө карабай аны күч менен унаага салганга аракет кылды. Кыз анын аялы болгондой эмес, ал кишини тааныбаганын айтып кыйкырып жатты», — деп жазылган постто.

Ички иштер министрлиги бул окуяны каттап, унааны Ысык-Ата районунун 22 жаштагы тургуну айдап жүргөнүн аныктаган. Ошондой эле милиция тасмага түшкөндөр жубайлар болгонун кошумчалады.

«"Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында түнкү саат 01:50дө 22 жаштагы Р.М. жана анын жубайы 23 жаштагы Ж.А. ортосунда ички ар кандай келишпестиктерден улам түшүнбөстүктөр пайда болгон. Учурда жубайлардын бири-бирине дооматтары жок экенин тергөө органдарына билдиришти», — деп ИИМден билдиришти.

Анткен менен министрликтен бул факт боюнча тергөө иштери улана турганын кошумчалашты.

«Ала качуу»

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматынын мурдагы жетекчиси Нурлан Утемисов 2020-жылы ала качуунун 92 фактысы катталып, алардын 75и кыскартылып кеткенин билдирген. Ал эми сегиз учур боюнча тергөө аяктап сотко жиберилген, дагы тогуз иш тергелүүдө.

Утемисов бул маалыматты уурдалып, кийинчерээк киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын иши боюнча басма сөз жыйында билдирген.

Канатбекова 5-апрелде бир нече киши тарабынан ала качылган. Ошол эле күнү Канатбекованы уурдаган Замирбек Теңизбаев аны унаада футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип салган. Алардын сөөгү эки күндөн кийин Аламүдүн районундагы айылдардын биринде табылган.

Бул окуядан кийин коомчулук милициянын аракеттерине нааразы болуп, жүздөгөн киши Бишкек ШИИББнин жетекчилигин отставкасын талып кылуу менен митингге чыгышкан. Ал тапта Айзаданы ала качууга катышкан дагы төрт шектүү кармалган.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында Бишкек ШИИББдин жана Биринчи май РИИБдин жетекчилиги кызматтан бошотулуп, бир катар милиционерлер тартиптик жазага тартылган.

Бул Кыргызстанда чуу жараткан биринчи окуя эмес. 2018-жылдын май айында Бурулай Турдалы кызы уурдалып, милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Алгач Бурулайды Марсбек Бөдөшов өнөктөшү менен уурдаган.

Милиция аларды кармап, Жайыл РИИБдин бөлүмүнө алып келген. Кийинчерээк Бөдөшов Бурулайды милиция бөлүмүндө бычактап өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган.

2018-жылдын аягында Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылган, ал эми Бурулайды ала качууга жардам берген Акмат Сейитов 7 жылга кесилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти