Камчыбек Ташиев: Бүгүнкү күндө Матраимовду жоопко тартууга негиз жок

Камчыбек Ташиев/Райымбек Матраимов

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-бажычы Райымбек Матраимовдун журналисттик иликтөөлөрдө көрсөтүлгөн чет өлкөдөгү мүлктөрү ырасталган жок деп билдирди.

Ташиев Матраимовдордун чет жакта мүлкү бар-жогун текшерүү үчүн КМШ өлкөлөрүнө, Бириккен Араб Эмирлигине жана Кытайга сурам кат жөнөтүлгөнүн, бирок аларга катталган «мүлк табылбаганын» айтты.

«Бардык мамлекеттик органдар тарабынан Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн чет жерлерде өзүнө катталган мүлкү жок деген кагаздар келип түштү бизге [...] Акыркы жооп бир жума мурда Дубайдан келди», — дейт ал.

Ташиев мындан улам «адам укугу деген бар» деп, «негиз болбосо адамды жөндөн-жөн кармап тура албайбыз» деп билдирди.

«Адамды жөндөн-жөн кармап, камакта отурганына биз да эртең жооп беришибиз керек. Эгер кайсы бир мамлекеттен бизге “мүлкү бар” деген жооп келгенде, биз сөзсүз түрдө ошол жака кызматкерлерибизди жөнөтүп, байлыктарын алып, ошонун тегерегинде ал адамды жоопко тартсак болмок. Бүгүнкү күндө Матраимовду жоопко тартууга негиз жок болгондуктан, аны коё берүүгө мажбур болдук», — деди Ташиев.

Ошондой эле Райымбек Матраимов менен кошо айыпталган 40тай бажычынын 15тейи да ар кандай суммадагы акча төлөп чыкканын билдирди.

«Ар кандай акча төлөштү: 5 миллиондон төлөгөнү бар, 20, 50 миллиондон төлөгөнү бар. Күнөөлөрүнүн такталган деңгээлинде акча төлөп чыгышты», — деди ал.

УКМК башчысы журналисттин «Матраимовдун мүлкү жок экенине өзүңүз ишенесизби» деген суроосуна «мен расмий документтерге гана ишенем» деп жооп кайтарды.

Мындан сырткары депутат Дастан Бекешевдин бийлик Матраимовдор менен келишип алган деген сынына «депутат оозуна келгенди сүйлөй берет» деп айтты.

Матраимовдун кайра кармалып бошотулушу

15-апрелде УКМК Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин кыскартып, аны абактан бошотту. Атайын кызмат муну Матраимовдун жана анын жакындарынын мүлкү табылбаганы менен түшүндүрдү.

Ошол эле учурда атайын кызмат Матраимов баасы 20 млн сомдон жогору болгон батирин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергенин айтты.

Матраимов УКМК тарабынан «кылмыштуу кирешелерди адалдоого» айыпталып 18-февралда кармалып, сот аны эки айга камакка алууну чечкен болчу.

Атайын кызмат экс-бажычыга карата тергөөнү баштоого анын Дубайдагы мүлкү тууралуу «Клооп», «Азаттык», Bellingcat жана OCCRP даярдаган иликтөөсү негиз болгонун белгилеген.

Райымбек Матраимов ким?

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген.

Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Бишкектин биринчи май райондук соту Матраимовду «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Матраимов сот залында бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган. Бирок ага 260 миң сом айыппул салынып, сот залынан бошотулган. Аны менен кошо сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган. Буга Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, келтирилген зыяндын ордун толуктаганы негиз болгону кабарланган.

Ал эми АКШ Матраимов жана анын жубайы Аманда Тургунованы «Магнитский тизмесине» киргизген. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги муну Матраимовдун коррупциялык схемаларга аралашканы жана Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын алып чыгып кетүү схемасына түздөн-түз катышканы менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Тургунова фамилиясын Сулаймановага өзгөрткөн.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.

Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Maтраимовдордун Дубайдагы апартаменти

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдун бажы империясы

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Көмүскө кербен. Миллиондогон долларларды Кыргызстандан кантип накталай чыгарышат?