«Кулагынан чоюп урган». Кара-Сууда окуучусун сабаган мугалимдин аракеттери териштирилет

Сүрөт: Ош ОИИБи

Милиция Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тешебаев атындагы орто мектептин окуучусунун денесине мугалим тараптан залал келтирилген фактысын териштирет. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-класстын окуучусун мугалим журналды караганы үчүн кулагынан чоюп, денесине залал тийгизген. Окуя 13-апрелде орун алган.

«Мектептин имаратынын ичинде дене тарбия сабагынан берген мугалим окуучуну “эмне үчүн журналды карайсың?” деп эки колу менен кулагынан чоюп, уруп денесине жаракат келтирген», — деп билдиришти милициядан.

Окуядан кийин мектеп окуучусу Кара-Суу аймактык балдар ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү» беренеси менен катталып, тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда.