«Мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө карайбыз». Новиков медиктер менен компенсация маселесин талкуулады

Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков 16-апрелде СOVID-19 жуктургандарга төлөнүүчү компенсацияны талап кылып митингге чыккан медкызматкерлер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр менен жолуккан медиктер компенсациядан тышкары аз айлык маяна жана аларды коргоо менен коопсуздук маселелери боюнча айтышкан.

Новиков компенсация төлөө маселеси боюнча атайын комиссия иштеп жаткандыгын белгилеп, өкмөт компенсациялык төлөмдөрдүн маселелерин чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айтты.

«Экономика жана финансы министрлиги медициналык кызматкерлердин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин чыныгы мүмкүнчүлүктөрүнө карайбыз», — деди Новиков.

Мындан сырткары, биринчи вице-премьер-министр 17-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде медицина кызматкерлеринин, министрликтин өкүлдөрүнүн жана компенсация төлөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болорун билдирди. Ал «бардык көйгөйлүү маселелер жолугушууда каралат» деп кошумчалады.

16-апрель күнү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ондогон медиктери тынчтык жөө жүрүшүнө чыгышкан. Алар падемия убагында «кызыл зонада» иштегени үчүн убада кылынган 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсацияны ала албай жатышканына даттанышкан.

Медиктердин айтымында, компенсацияны бир гана «керектүү таанышы барлар алып жатышат». Алар бул маселе боюнча бийлик өкүлдөрүнө жана ар кайсы чиновниктерге кайрылганы менен, көйгөй чечилбегенин белгилешкен.

Ошондой эле жүрүштө айлык маянасынын өкмөт убадалагандай 50 эмес, 100 пайызга көтөрүлүшүн талап кылган медкызматкерлер да болгон.

Бишкек: Медиктер убадаланган компенсацияны төлөп берүүнү талап кылышты