Ноокенде 16 жаштагы кыз бөлөсүнөн көз жарды. Айыпталуучу бир жылга шарттуу кесилди

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту өзүнүн 16 жаштагы бөлөсүн жыныстык катнашка мажбурлаган 30 жаштагы тургунду бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Өкүм Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Кылмыш 2020-жылдын 25-апрелинде жасалган. Жабырлануучу кыз жылдын башында көз жарган. Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү мойнуна алып, кызга жыныстык катнашка баруу үчүн 3 миң сом бергенин айткан.

«“Акчаны жаш болуп туруп эмне кыласың?” десем, “мен 16 жаштамын, чоң эле кызмын” деп үч миң сомду алган. “Макул болсоң жыныстык катнашта бололу” десем, өзү макул болуп, өзүнүн каалоосу боюнча жыныстык катнашта болгон», — деп айтып берди айыпталуучу.

Жабырлануучу кыздын ата-энеси Орусияда эмгек миграцияда болгон. Өспүрүм кыз айыпталуучу жана анын аялынын колунда калган.

Арадан сегиз ай өтүп өспүрүм кыз боюнда болгонун анын өгөй апасы байкап калган. Кийинчерээк жабырлануучунун кош бойлуулугу ооруканада тастыкталганда, ал бөлөсү менен жыныстык катнашта болгонун айтып берген.

Соттук отурумда жабырлануучу соттолуучу менен акчага муктаж болгондуктан «өз каалоосу менен жатканын» айтып, камака байланышпаган жаза берүүнү суранган.

Ноокен райондук соту айыпталуучуну «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренеси менен күнөөлүү деп таап, аны 1,5 жылга кескен. Ошол эле учурда сот аны эркинен ажыратуу жазасынан бошотуп, ага бир жылдык пробациялык көзөмөл дайындады.

*Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыштарга соттолгон адамдарга колдонулат. Пробацияга алынган киши эркинен ажыратылбай, белгилүү мөөнөттө укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот.

Апрель айынын башында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 14 жаштагы өспүрүм кыз көз жарган. Милиция териштирүүнү баштап, кызды зордуктоого шектеп 17 жаштагы тургунду кармаган. Шектүү кыздын таекеси болуп чыккан.

2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1 101 кылмыш иши катталган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.