Акыркы суткада коронавирустун жаңы 306 учуру катталды, төрт бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 21-апрелде коронавирустун жаңы 306 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 248, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 58.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 203;

Чүй облусунда — 52;

Ош облусунда — 11;

Ысык-Көл облусунда — 16;

Жалал-Абад облусунда — 10;

Ош шаарында — 5;

Нарын облусунда — 4;

Талас облусунда — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 92 626га жетти. 

Ал эми акыркы суткада 161 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 97, Чүй облусунда — 44, Ош жана Талас облустарында — экиден, Ысык-Көл облусунда — он эки, Нарын облусунда — бир, Ош шаарында — үч бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 87 390 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 309 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 307 киши оор, 52 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 390 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 606.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда — экиден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 561 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада тогуз медик коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында — беш, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында — бирден медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 369га жетти, анын ичинен 4 285 медкызматкер илдеттен айыкты.