Депутат Момбеков ИИМ менен УКМКнын экс-башчыларын Интерпол аркылуу издөөнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ИИМдин мурдагы башчысы Кашкар Жунушалиев менен УКМКнун экс-жетекчиси Орозбек Опумбаевге Интерпол аркылуу издөө салуу керектигин айтты. Ошондой эле, мурдагы эки жетекчи учурда Москвада экенин айтып, аларды алып келүү үчүн Орусияга кайрылуу керектигин сунуштады.

21-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев Башкы прокуратуранын 2020-жылы жасаган иштери боюнча отчёт берди.

Момбеков Жунушалиев менен Опумбаевге кылмыш иши козголуп, козголбогонуна кызыкты. Башкы прокурор Зулушев аларга кылмыш козголбогонун, бирок 5-октябрдагы окуялар боюнча аларга дагы тергөө жүрүп жатканына токтолду.

«ИИМдин жана УКМКнын мурдагы башчыларынын өздөрүнө карата козголгон кылмыш иштери жок. Бирок, 5-октябрда козголгон кылмыш иштеринин алкагында буларга карата дагы [иштер] тергелип жатат, юридикалык баа берилет», — деди Зулушев.

Ал эми УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагын Самидин уулу учурда кызмат адамдарынын үстүнөн бир тергөө иши жүрүп жатканын айтты.

«Бизде кызмат адамдарынын үстүнөн бир кылмыш иши тергелүүдө, ал атайын каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугун текшерүү, тергөө жүрүп жатат. Кызмат адамдарынын эч кимисин дагы айыбын угузула элекпиз», — деди Самидин уулу.

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев былтыр 5-октябрдагы окуялардан кийин дайынсыз болуп кетишкен. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков аталган эки жетекчини 9-октябрда кызматтан бошоткон.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр ноябрда берген маалымат жыйында Жунушалиев менен Опумбаевдин кайда экенин органдар билбей жатканын айткан. Андан сырткары 5-октябрдагы окуялар боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын, эгерде тергөө убагында алардын аракетинде кызматын таштап кетүү жана башка белгилер болсо, сөзсүз түрдө өзүнчө катталып, иш козголот деп ишендирген.