«Көзү көрүп калды беле?» Момбеков Бекешевдин суракка чакырылганын сынга алды

Парламенттин 21-апрелдеги жыйынында депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчётун угушту.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков 6 жашында көзү көрбөй калган эл өкүлү Дастан Бекешев 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча суракка чакырылганына ачууланды.

«Дастан Далабаевичтин көзү көрүп калды беле же анын көргөнүн ушулар көрүп калды беле? Көргөн кишилерди көмүскөдө калтырып, көрбөгөн кишини күбө катары чакырган — бизде, Кыргызстанда эле болсо керек?!» — деди Рыскелди Момбеков.

Момбековго ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жооп берди. Ал күбө болуп «бир нерсени көргөн эле эмес, бир нерсени уккан жана билген адам» да эсептелинет деп белгиледи.

Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-октябрь окуялары боюнча иштин алкагында 260 жаран сурак берип чыкканын кошумчалады.

Депутат Дастан Бекешев 2020-жылдын 9-октябрь окуяларына байланыштуу күбө катары суракка чакырылган. Анда УКТга каршы митингге чыккандарды өздөрүн Садыр Жапаровдун тарапташтарыбыз деген адамдардын тобу таш бараңга алышкан болчу.

«Ички иштер министрлигинде 5-6-октябрь жана 9-октябрь окуялары боюнча эки кылмыш иши бар экен. Бүгүн 9-октябрь окуясы боюнча күбө катары чакырышты. Бирок 5-6-октябрь окуялары боюнча да чакырышаарын айтышты. Албетте күлдүм: “Табышкан экен күбөнү, мен эч нерсе көрбөйм, укпайм да”. Күлкүм келди», — деп жазган Бекешев телеграм-каналында.

Тема боюнча: «Табышкан экен күбөнү, мен көрбөймүн да». Бекешев 9-октябрь окуясы боюнча суракка чакырылды

Депутат ошол күндөрү нааразылык акцияларында болгон көптөгөн башка саясатчылар да суракка алынат деп эсептейт.

Октябрь окуялары

Кыргызстанда 2020-жылдын 5-6-октябрында бийлик алмашкан. Ак үй басылып алынып, бийликке Садыр Жапаров келген, ал Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмил Каптагаевди барымтага алуу жана бийликти күч менен басып алуу иши боюнча абакта жазасын өтөп жаткан болчу.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган миңдеген адам митингге чыккан. Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан. Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

2020-жылдын 9-октябарында Бишкекте үч митинг өткөн — УКТга каршы, туруктуулук үчүн жана Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги. Анда УКТга каршы митинг менен туруктуулук үчүн митингдин катышуучулары биригип, Ала-Тоо аянтына жөө жүрүш менен келишкен. Ал жерде Садыр Жапаровдун тарапташтары менен биригип келген эки митингдин катышуучулары кагылышкан.

Кагылышуунун жыйынтыгында активист Тилек Токтогазиевдин башына таш тийип, Темир Сариевдин жансакчысы жарат алган, ал эми Атамбаевдин машинасына ок атылган.

9-октябрь иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары кармалган. Ал эми Өмүрбек Текебаев жана Өмүрбек Бабанов 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында митингге чогулган элдин «жарымынан көбү» «мурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун кишилери» деп айтып чыгышкан. Анын айтымында, Жээнбеков өзү бул фактыны мойнуна алган.