Коррупцияга шектелген Бакир Таиров күнөөлүү деп табылып, 265 миң сом айыпка жыгылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) экс-төрагасы Бакир Таировду коррупция боюнча күнөөлүү деп тапты. Сот Таировду мамлекеттин пайдасына 265 миң сом штраф төгүп берүүгө милдеттендирди.

УКМКнын кызматкерлери Бакировду 2020-жылдын 10-декабрында кармаган. Атайын кызматтын билдиришинче, Таиров 2020-жылдын октябрь айында маморгандардын биринин жетекчисинен кайсыл бир саясий партияны каржылоо үчүн ири суммадагы каражат алган.

Ал 11-декабрда эки айга УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Кийин анын бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сотко чейинки өндүрүш аяктаганча эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.

«Прокурор менен Бакир Таировдун ортосунда кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөн, ошондой эле анын туруктуу жашаган жери бар, өздүгү документтер менен аныкталды. Мындан тышкары, Таиров республиканын бюджетине 14 миң АКШ доллары [Улуттук банктын 18-февралга карата курсу боюнча 1 млн 181 миң 600 сом] өлчөмүндө каражаттарды төктү», — деп соттон түшүндүрүшкөн.

Бирок, Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү маалымат булактарына таянып, ал 20 млн сом зыяндын ордун толтурганын кабарлайт.

Бакир Таиров деген ким?

Бакир Таиров 2018-жылдын апрель айынын соңунан тарта финполду жетектеп баштаганга дейре өмүр бою укук коргоо тармагында эмгектенген. Ал бул кызматка дайындалганга чейин ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеген.

2019-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери Кыргызстандан 700 млн доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөө жарыялашкан. Иликтөөнүн башка фигуранты— экс-бажычы Райым Матраимов болгон. Бирок, Матраимовдор кланынан тышкары иликтөөдө Бакир Таировдун дагы аты аталган.

Журналисттердин колуна тийген маалыматка ылайык, депутат Искендер Матраимовдун жубайы Миновар Жумаева «AKA Immobilien» компаниясынын негиздөөчүсү болуп саналат.

Финполдун эск-башчысы Бакир Таиров дал ушул «AKA» компаниясы менен байланышы бар — Таировдун агасы Искендер «AKA Petroleum» компаниясынын бизнес-өнөктөшү болгон. Искендер Таиров каза болгондон кийин «AKA Petroleumдун» иштери анын жесири Чолпон Элмуратованын жана бир тууган Таировдордун күйөө баласы Токтосун Туманбаевдин колуна өткөн.

2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Таировду, бардык башка министрликтер менен ведомстволордун жетекчилериндей эле кызматтан кетиришкен.