Өкмөт компенсация албай калган медиктер үчүн 200 млн сом бөлөт

Премьер-министр Улукбек Марипов мамлекет тарабынан кепилденген компенсацияны ала албай митингге чыккан дарыгерлер үчүн бюджеттен кошумча 200 млн сом бөлүү үчүн чечим даярдалып жатканын айтты.

Өкмөт башчысы фейсбук барагы аркылуу түз эфирге чыгып дарыгерлердин маселеси чечилет деп убада берди.

«Компенсация албай калган медиктердин маселесин чечүү үчүн 200 млн сом бөлүп берүү боюнча чечимди даярдап жатабыз. Бардык документтериңиздерди кайрадан чогултуп, комиссияларга тапшырыңыздар, бул маселе каралып чечилет», — деди Марипов.

Ал ошондой эле, дарыгерлердин маянасы 1-июлдан тарта көтөрүлөрүн айтып, бирок канча пайызга жогорулай турганын тактаган жок.

Буга чейин 16-апрелде Бишкек менен Чүй облусундагы ооруканаларда иштеген 100дөн ашык дарыгер бир жолу төлөнө турчу 200 миң сом компенсацияны ала албай жатканын айтып, тынчтык митингине чыгышкан. Андан сырткары айлык-маянаны дагы көтөрүүнү талап кылышкан болчу.

Өкмөт тарабынан кепилденген компенсация

Өкмөт былтыр коронавирус илдети күч алып турган учурда медкызматкерлерге компенсация төлөө боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык, иш убагында коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

23-апрелге карата жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 93 278ге жетти. Ал эми 87 717 киши оорудан айыкты. Азыркы тапта ооруканаларда 1 406 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 330 киши оор, 56 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 609 киши дарыланууда.