Новиков Бишкекте эпидкырдаал курчугандыктан кошумча стационарларды ачууну сунуштады

Вице-премьер-министр Артём Новиков Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуп бара жаткандыктан, эмки аптадан баштап кошумча стационарларды* ачуу сунушун берди. Бул тууралуу Новиков 26-апрелде Республикалык ыкчам штабдын отурумунда билдирди.

*Новиков ооруканалардын аймагындагы стационарлар, же 2020-жылдын жай мезгилинде Спорт Ордосунда жана Бишкектин айрым мектептеринде ачылган күндүзгү стационарлар сыяктуу атайын дарылоо жайлары жөнүндө кеп болуп-болбогонун так айткан жок. Коронавируска каршы күрөштө мамлекеттик органдар жана муниципалитеттер аткарган ишин иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия былтыркыдай шашылыш түрдө уюштурулган стационарларды ачуу жаңылыш болгон деген бүтүмгө келген. Көпчүлүк учурда күндүзгү стационарларда оорулууларды изоляциялоого шарт болгон эмес, медиктер бейтаптар менен бир эле бөлмө ичинде болушкан.

Новиков баш калаада медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20 кишиден 25 адамга чейин көбөйтүп, ишке кошумча тез жардам унааларын да тартуу керек деп эсептейт.

Вице-премьер-министр өлкөдө COVID-19 менен ооругандардын саны өсүп жатканын, «күнүнө COVID-19га чалдыккандардын саны 400 учурга жетип жаткан учурга кабылдык» деп белгиледи.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги муфтиятка жума намаз жана ооз ачар сыяктуу эл көп катышкан иш-чараларды токтотуп туруу маселесин карап көрүүнү сунуштады.Мындан тышкары, бийлик театр жана кинотеатрлардын толушу 50%дан ашпашы керек жана массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн чектөө зарыл деп эсептейт.

Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал

Бийлик коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну келе жатат деп бир нече жолу билдирген. Күн сайын медиктер COVID-19 жуктуруунун 200-300 жаңы учурун аныктап жатышат. Адатта оору жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунан катталууда.

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков 20-мартта COVID-19 боюнча Республикалык штабдын кезектеги кеңешмесинде бардык деңгээлдердеги медициналык мекемелер COVID-19 менен ооругандардын саны жогорулашы ыктымалдыгына толугу менен даяр турушу керек экенин билдирген.

«Абал начарласа, бардык күч жана каражаттардын иштөө алгоритми даяр турушу керек. 1-апрелде саламаттык сактоо тармагынын бардык мекемелери кычкылтек берүү тутумуна кошулушу керек, ал эми алыскы жана жарым стационардык медициналык мекемелер кычкылтек концентраторлору менен жабдылышы зарыл», — деген ал.

27-мартта Новиков Республикалык штабдын отурумунда азырынча өлкөдө чектөө чаралары көрүлбөй турганын, бирок коомдук жайларда коопсуздуктун санитардык нормалары күчөтүлөрүн кабарлаган.

Ал эми Бишкек мэриясы 1-апрелден тартып калаанын бардык соода борборлорунда оюн-зоок аянтчаларын эки жумага жаап, балдар үчүн оюн-зоок жайларынын ишин токтотууну чечкен.

6-апрелде Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардыктардан беткап тагынбаган адамдар көп чогулган жерлерди каттоого алып, мэриянын кызматкерлерине кабарлап турууну суранган. Ал муниципалитет чара көрөт деп убада берген.

6-апрелде өткөн брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Бишкек «кызыл» зонага киргенин билдирген. Ошондой эле, Бектурганов карантин киргизүү маселесин жергиликтүү штабдар жериндеги эпидкырдаалга байланыштуу чечишерин белгилеген.

Мындан тышкары, баш калаа мэриясы 20-апрелде Бишкекте эпидкырдаал курч болуп жаткандыктан 29-апрель Шаар күнүнө жана 9-май Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрбөөнү чечкен.