ТИМ уурдалып кайтарылган эки жаран боюнча Тажикстандын элчисине нота тапшырды

Тышкы иштер министрлиги

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев 26-апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Баткендеги Лейлек районунда Тажикстандын чек арачылары тарабынан уурдалып, сабалган эки тургундун маселеси боюнча Ализодага нота берилди.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нуран Ниязалиев чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл экендигин белгиледи. Кыргыз тарап болуп өткөн окуянын жагдайларын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө тажик тарапты чакырды», — деп берилет ТИМдин билдирүүсүндө.

24-апрелге караган түнү Эски-Оочу айылында тажикстандык чек арачылар 19 жаштагы Дастан Ашрапов жана 21 жаштагы Кубатбек Каныбек уулун чатырда уктап жаткан кезинде токмоктоп, коңшу өлкөнүн аймагына уурдап кетишкен.

Кыргызстандыктар ошол эле күнү тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдөн кийин өлкөгө кайтарылган. Алардын денесинде көптөгөн жаракаттар катталган.

Кыргызстандын милициясы «Киши уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Чек ара маселеси

Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы талаш-тартыш көп жылдардан бери бүтпөй келет. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек арасында 12 жаңжал катталган. Анын ичинен 9 окуя кыргыз-тажик чек арасында болгон.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 километрди түзөт, анын ичинен 519 километри боюнча делимитация жана демаркация иштери бүткөн, калган бөлүгү такталбаган бойдон калууда. Чек аранын аныкталбаган тилкесиндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат.