«Уу коргошундан өлүп калбаса эле келиши керек болчу». Бейшеналиевди кызматтан алуу маселеси каралды

Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордуна дал келбей турганын белгилеп, чечим кабыл алды. Эми анын ээлеген кызматына ылайык келе тургандыгын кароо маселеси парламенттин жалпы жыйынына сунушталат.

Профилдик комитеттин мүчөлөрү 26-апрелдеги жыйында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин жасап жаткан иштери тууралуу маалымат укмак. Бирок министр жыйынга келген жок.

Комитеттин мүчөсү Евгения Строкова «министр кокус уу коргошунга ууланып өлүп эле калбаса» жыйынга келиши керектигин айтты.

«Ушул кезге чейин [жыйындарга келбей жүргөнүнүн] анын бир гана олуттуу себеби болушу мүмкүн — Кудай сактасын, ал Ысык-Көлдүн тамырынан эле өлүп калбаса келиши керек болчу. Бул маселеге өтө катаал чара көрүү керек. Кандай гана Конституция болбосун эл үчүн гана иштеш керек. Ал [министр] эч нерсе кылган жок, өзүн хандын жанындагы хандай алып жүрөт», — деп Строкова ачууланды.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Асан Гайыпов учурда министр вакцинация иштерин тескеп жаткандыктан келе албаганын айтты. Гайыповдун мындай жообуна Строкова канааттанган жок.

«Ал эмне элге вакцина сайып жатабы, же жаңы вакцина ойлоп таап жатабы? Бул күлкүңдү келтирет. Бизди келесоо деп ойлоп жатасыңарбы… Балким дагы бир жерде отуруп алып “чай аралыштырып” жүрбөсүн», — деди депутат.

Депутат Бактыбек Райымкулов Гайыповду министрдин адвокаты болбоого чакырды.

«Бир саат убакыт таап келе албаса анда эмне... Башка министрлер келип жатат... Бизди сыйлабай эле койсун, элди мамлекетти, өзүнүн кызмат ордун сыйласын», — деди Райымкулов.

Комитеттин мүчөлөрү министр алардын бир дагы жыйынына келбегенине нааразы болушту.

Буга чейин аталган комитет депутат Жанар Акаевдин саламаттык сактоо министрин кызматтан алуу боюнча сунушун колдогон болчу.

Коронавирусту уу коргошун менен дарылоо

Министр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып чыккан аткаминерлердин бири. Президент Садыр Жапаров 15-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон. Аны медицинада, ал тургай териге сыйпап колдонуу да өмүргө кооптуу.

Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Жапаровдун коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарыласа болот деп айткандарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кубаттаган.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өзү курган басма сөз жыйындын түз эфиринде кайнатма ичкен. Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус менен жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын да билдирген.

Бейшеналиев басма сөз жыйында тундурманы ичүү үчүн тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктай алаарын да билдирген.