Юристтер Зулушевдин журналисттерди жыйындан чыгарып койгонун сындады

Медиа Полиси Институту жазык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун 27-апрелдеги кеңешмесинен журналисттерди залдан чыгарып салган башкы прокурор Курманкул Зулушевге байланышкан жагдай боюнча ой-пикирин билдирди.

Уюм билдиргендей, кеңешмеде төрагалык кылган башкы прокурордун журналисттерге талкуу жүрүп жаткан залдан чыгуу талабы Конституциянын нормаларын бузат.

«Журналисттерди жумушчу топ отурган жыйын залынан чыгарып салуу менен байланышкан жагдайда башкы прокурор өзүнүн каалоосунан башка кайсы ченемдик-укуктук актыларга таянганы белгисиз. Журналисттерди кеңешмеден чыгаруу талабын коюуга эч кандай мыйзамдык негиз же коомдук зарылчылык болбогону анык. Тескерисинче, журналисттердин маалымат алуусун чектөө менен жарандардын укуктары мыйзамсыз чектелген» , — деп Медиа Полиси Институту билдирди.

Уюм өлкөнүн Баш мыйзамы мамлекетти ар бир жарандын маалымат издөөгө, алууга, иликтөөгө, чыгарууга, берүүгө жана таратуусуна кепил болуусун милдеттендирет.

«Маалымат алууга болгон мындай мыйзамсыз, негизсиз чектөөлөр, биринчи кезекте, журналисттердин эмес, коомчулуктун эркин маалымат алуу укугун бузат», — деп белгиледи аталган институт.

Журналисттердин укуктарын мыйзамсыз чектөө демилгесин башкы прокурордун көтөрүшү уюмду тынчсыздандырат. Себеби, Конституциянын жана башка мыйзамдардын жоболорунун аткарылышын камсыз кылуу милдети Башкы прокуратурага жүктөлгөн.

Андан тышкары, Институт башкы прокурор «16 жашка чыга электер менен жыныстык катнашка баруу боюнча кылмыш иштери каада-салт жана менталитетти эске алуу менен каралышы керек” деген сөзү коомдук резонанс жараткандыктан журналисттерди залдан чыгарып салган деген пикирде.

Эмне болгон?

Жазык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отурумунун экинчи күнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерден залдан чыгууну суранган.

«Залдан чыга тургулачы, регламентти чечип алалы», — деген ал.

Кеңешменин биринчи күнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушев 16 жашка чейинкилер менен жыныстык катнашка баруу боюнча кылмыш иштерин каада-салт жана менталитетти эске алуу менен кароо керектигин айткан. Анын айткандары дароо сынга алынган — социалдык тармактын колдонуучулары башкы прокурорду педофилияын пропагандасын кылууга аракет кылды деп айыпташкан.

Жазык кодекси, башка кодекстер жана бир катар мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешмеде кайрадан каралууда. Аны президент Садыр Жапаров түзгөн жана жетектейт.

ТЕМА БОЮНЧА: Жазык мыйзамдарын талкуулоо: Зулушев журналисттерди жыйындан чыгарып салды