Башкы прокурор Зулушев Сыймык Жапыкеевдин отставкасын кабыл алды

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 29-апрелде Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин отставкасын кабыл алды. Буга чейин Жапыкеев өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Зулушев азыр бошогон кызматка ким дайындаларын чечип жатат.

Жапыкеевдин айтымында, анын ээлеген кызматынан кетишине 26-апрелде Super.kg порталына курган маеги себеп болгон. Анда премьер-министр Улукбек Мариповду, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди жана Садыр Жапаровдун кадр саясатын сынга алган.

«Мен президентти сындоого укугум жок болчу, бирок сындадым. Мага эч ким кысым көрсөткөн жок, анын ичинде башкы прокурор Курманкул Зулушев тарабынан да эч кандай басым болгон жок», — деди Жапыкеев 28-апрелде 24.kg басылмасына.

Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп үстүбүздөгү жылдын март айында дайындалган.

Дагы окуңуз: Сыймык Жапыкеев прокуратурадан кетүү жөнүндө арыз жазды

Жапыкеев: Президенттин кетирген каталары көп болуп кетти