Чек ара чыры: Көк-Таш айылында үйлөр күйүп жатат

Материал 18:07де жаңыртылды

«Клооптун» кабарчылары Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына чектеш Көк-Таш айылында үйлөр күйүп жатканын кабарлады. Жалпысынан ал жерде 20га чукул үй бар экени айтылууда.

Буга чейин УКМК дал ушул аймакта Тажикстандын аскерлери миномет, пулемет жана автоматтардан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын жапырт аткылап баштаганын кабарлаган. Ал жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев күч органдарынын аракеттерин тескеп жатат.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Көк-Таш айылындагы үйлөр «тажикстандыктар тарабынан өрттөнгөн» деген маалыматты төгүндөдү. Учурда ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүкчөлөрү тартылды.

Учурда Кыргызстан тарабынан сегиз киши ар кандай жаракат алганы кабарланууда, алардын ичинде бир тургундун көзүнө ок тийген. Саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министрлиги анын абалы «орто оор» болгонун билдирди. Ошондой эле, Тажикстандын тогуз жараны жарадар болуп, ооруканага түшкөнү да айтылууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандарынын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүү аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматы бул маалыматты төгүндөп, коңшу өлкөнүн күч органдары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканын билдирди.

«Тажикстан социалдык тармактарга “жаңжалды кыргыз тарап курчутуп жатат. Бул үчүн алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда” деп тараткан маалыматы чындыкка туура келбейт», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тарткан.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди.