УКМК: Тажикстандын аскерлери «Головнойду» аткылап жатат

Тажикстандын чек ара кызматы жана ички иштер министрлигинин спецназы Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайды аткылап баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 14:00дө тажикстандык аскерлер миномет, пулемет жана автоматтардан жапырт аткылоону баштаган. Чыр болгон жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев күч органдарынын аракеттерин координациялап турат.

Чек арадагы чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандарынын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүү аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы орто оор.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тартты.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди. Андан сырткары Ош — Баткен — Исфана жолу жабылды.