Милиция: Баткен районунда ок атуулар токтотулду, абал туруктуу

Баткен облустук милициясы Баткен районунда учурда кырдаал турукташып, ок атуулар токтотулганын билдирди.

Андан сырткары милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Ошондой эле, ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков облус аймагындагы укук коргоо органдарынын жана ички аскерлердин абалды турукташтуруу боюнча иш-аракеттерин толугу менен координациялап жатат.

«30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режими киргизилген. Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуз жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуациаланган», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлгө алынып, милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чек арадагы чырдан 13 киши набыт болду

30-апрель эртең мененки саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 134 киши жабыркап, 13 киши набыт болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасынан 25 адам атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Алардын экөөсүнүн абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда.

29-апрелде саат 14:00дө Тажикстандын аскерлери «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын миномет, пулемет жана автоматтардан аткылап баштаганы кабарланган. Кийинчерээк алар кыргызстандык «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук», «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок чыгарган. Минометтон аткылоонун кесепетинен «Достук» чек ара бекетинин имараты күйүп кетти.