Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан Кара-Суунун 24 жаштагы тургуну каза тапты

Баткен облустук бириккен ооруканасы. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Саламаттык сактоо жана соцөнүгүү министрлигинен 1-майда саат 18:30га карата жалпы каза болгондордун саны 34 кишиге жеткенин билдиришти. Алардын арасында Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну Азизбек Бактияров да бар болгону кабарланды.

Куралдуу кагылышуудан жалпы 173 киши жарадар болгон. Анын ичинен 131и карапайым кишилер, 31и аскер кызматкери жана бир медициналык кызматкер. Ал эми калгандары боюнча маалымат такталып жатат.

Дагы окуңуз: Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү 

Чек арада чыккан чыр-чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетишине кыргыз жарандары себеп болгонун» билдирди. Алардын версиясы боюнча, чырды Баткен облусунун акими Акылбек Орозов баштаган. Ал «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын ташып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатканын» айтышкан.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган жерлерине алып кетүүнү макулдашышкан. Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланганын билдирген.

УКМКнын Чек ара кызматы 1-майда саат 18:15ге карата кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин маалымдады.

Ошондой эле Чек ара кызматы Ош — Баткен — Исфана жолунун Жака-Өрүк тилкеси ачылганын кабарлады.

Мындан сырткары Баткенде Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов Баткенде жолугушуп, ок атууларды токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү боюнча төрт бөлүктөн турган протокол кабыл алышты.