Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан каза болгон жоокер Эсентур Кубанычбек уулунун сөөгү 1-майда өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Назгүл Мүсүралиева «Клоопко» билдирди.
Анын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдаштары жана Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери катышкан.
«30-апрелде Нарын облусунун губернатору Сабыркул Ашимбаевдин тапшырмасы менен Эсентур Кубанычбек уулун акыркы сапарга узатууга бардык чыгымдарды көтөрүү тапшырмасы берилген. Бүгүн акыркы сапарга узатууга митинг уюштурулуп өзү туулуп өскөн айылына коюлду», — деди Мүсүралиева.
Мамлекеттик чек ара кызматында «Бөрү» отрядынын Баткендеги жетекчисинин орун басары Эсентур Кубанычбек уулу 29-апрелде белгисиз ок атуучу куралдын огунан каза болгон.
Эсентур Кубанычбек уулунун жакын досу Урмат Нурсейит уулунун айтымында, ал Нарындан Баткенге эки апта мурун которулуп келген.
«Эсентур жетим өскөн бала болчу. Үч бир туугандын ортончусу. Ал январь айында 30 жашка чыккан. Ак-Муз айылында 8-класска чейин окуган. Кийин Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин окуп, андан кийин Орусияда 5 жыл чек ара адистиги боюнча билим алган», — деп эскерген ал.
УКМКнын Чек ара кызматынын 30-апрелдеги маалыматы боюнча чек арадагы жаңжалдан «Бөрү» отрядынын үч жоокери каза болгон. Мындан тышкары 20 жоокер ар кандай жаракат алып, эки аскердин абалы оор деп бааланган.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 1-май саат 13:00гө карата берген маалыматына ылайык каза болгон кыргызстандыктардын саны 33кө жетип, 163 адам жарадар болду. Каза болгондордун арасында бир секелек кыз да бар.
Чек арада чыккан чыр-чатак
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.
Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетишине кыргыз жарандары себеп болгонун» билдирди. Алардын версиясы боюнча, чырды Баткен облусунун акими Акылбек Орозов баштаган. Ал «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын ташып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатканын» айтышкан.
*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.
29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.
Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган жерлерине алып кетүүнү макулдашышкан. Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланганын билдирген.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тараптар экинчи жолу аскерлерди аймактардан алып чыгып кетүү боюнча макулдашканын айтты. Баткен облустук ОИИББи 1-майга караган түн тынч өткөнүн билдирди.