Кыргызстан менен Тажикстан 9-майга чейин 112 чакырым жерди тактайт — Ташиев

Кыргызстан менен Тажикстан 9-майга чейин чек арадагы 112 чакырым жерди тактайт. Бул тууралуу Коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Лейлек районунун Максат айылынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, эки тарап бир нече аймактар боюнча бир пикирге келди.

«Биз 112 чакырым жерди тактоого бердик. 9-майга чейин бүтүп калат. Андан кийин президенттер кол коюп, демаркация жүргүзөбүз. Силердин айыл бул участкага кирбейт. Азырынча Кулундуга чейин гана», — деди Камчыбек Ташиев.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт, анын ичинен 519 чакырым гана делимитация жана демаркацияланган, калганы такталбаган бойдон калууда.

Чек аранын такталбаган тилкелери чектеш айылдардагы бүтпөгөн жаңжалдын себепчиси болуп келет — жер талаш, суу талаш, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү.

Акыркы жолу чек арада 28-апрелде ок атышуу башталган. Кийин, 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу маккулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол коюшкан.

Чек арадагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Анда эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кийинчереек ок атуулар башталган. Жаңжал тажик тараптын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Эки өлкөнүн бийлиги бир нече жолу тараптар ок атууну токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу макулдашканын айтып, бирок элдешүү убадасы аткарылбай жатты.

Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, келишпестикти тынчтык жолу менен чечүүнү сүйлөшүшкөнүн айтышкан.

1-май күнү кечке маал Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу маккулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгонун билдирген.

Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарган.

Саламаттык сактоо министрлиги 3-майда ок атуунун кесепетинен 35 кыргызстандык каза тапкан, 183 адам жабыркаганын билдирген. Алардын ичинен 121и жергиликтүү тургун, 31и аскер кызматкери жана бир дарыгер.

Тема боюнча: Лейлектин Максат айылынан сүрөт баян

Ошондой эле, ведомство ок атышуудан улам 44 651 кыргыз жараны эвакуацияланганын, алардын арасынан 27 136 — жаш балдар экенин маалымдаган.

Ок атышуунун кесепетинде он чакты айыл талкаланып, үйлөр жана башка объектилер күйүп кеткен.

Тема боюнча: Сүрөт баян: Чек арадагы ок атуулардан Баткен — Исфана жолунда талкаланган унаалар

Тажикстандын бийлиги каза тапкан жарандарынын саны боюнча маалымат бере элек. Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза таап, 90 адам жарадар болгон.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, 3-майга карата, кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.