Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун акимдери алмашты. Жаңы дайындоорлорго премьер-министр Улукбек Марипов кол коюп, 5-майда биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жамаатка тааныштырды.

Баткен районунун башчысы болуп Учкунбек Жоробаев дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Акылбек Орозов ээлеп турган. Лейлек районунун акими болуп Алмазбек Рахманкулов дайындалды. Ага чейин Баймурат Бекмуратов аким болуп турган.

Орозов менен Бекмуратовдун кызматтарынан боштолушунун себеби азырынча белгисиз. Бирок алар буга чейин Мамлекеттик аттестациядан жетиштүү балл ала албай калышкан. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн бул маалыматты ырасташты.

Мындан сырткары, Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакбаров да жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Анын ордуна Кутпидин Шакиров дайындалды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин бир нече аткаминерлер кызматтарынан алынды. Буга чейин Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган. Анын ордуна УКМКнын чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Абдикарим Алымбаев дайындалган.

Мындан сырткары Суваналиев менен бирге анын орун басары Эрлан Сапарбаев да жазган арызынын негизинде бошотулган.