Бийлик Каниметовду куугунтуктоону токтотушу керек — Журналисттерди коргоо комитети

Кыргызстандын бийлиги журналист Канат Каниметовду куугунтуктоону токтотуп, ага эркин жана коопсуз иштөөгө мүмкүндүк бериши керек. Бул тууралуу журналисттерди коргоо комитети (CPJ) 3-майда билдирүү жасады.

«Кыргыз бийлиги Каниметовду жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн куугунтуктоону тез арада токтотушу керек, ошондой эле бийликтин каарына калам деп коркпостон, керек болсо өлкө бийлигин жоопко тартууга кепилдик бериши керек», — деп билдирген CPJ программасынын Европа жана Борбордук Азиядагы координатору Гульноза Саид.

Ал бийликтин «ыңгайсыз журналисттерди» коркутууга аракет кылганын айыптады. «Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров башында турган бийлик сын жана көз караштардын түрдүүлүгү, алар биз куруп жатабыз деген демократиялык коомдун маанилүү бир бутагы экенин түшүнүшү керек», — деп кошумчалады Гульноза Саид.

Журналисттерди коргоо комитети Каниметовдун аларга айтып берген сөздөрүн дагы келтирди. Журналист комитетке УКМКга суракка чакырууну жана туугандары менен кошуналары сурамжылоого алынганын бийликтин психологиялык жактан кысым көрсөтүүсү экенин айткан.

«Бийлик бизге, журналисттерге биз алардын бийлигин тартып алып, ордуна отуруп калчудай, саясатчыларга же дагы башкаларга жасагандай мамиле кылат. Чынында биз, болгону өз жумушубузду кылабыз, окуяларды чагылдырабыз, анализ жүргүзөбүз жана өз пикирибизди айтабыз», — деп билдирген Каниметов.

Журналисттерди коргоо комитети уюм ИИМ жана УКМКга, ошондой эле Ысык-Көл ОИИБге комментарий берүүнү талап кылган электрондук кат жөнөткөнүн, бирок азырынча жооп ала электигин кошумчалашкан.

Каниметов деген ким?

Канат Каниметов — УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевге байланышкан «Белизгейт» ишин байма-бай чагылдырган «Апрель» телеканалынын журналисти. Журналист 11-мартта бул иш боюнча күбө катары УКМКнын сурагына чакырылган болчу. «Белизгейт» окуясы чуу болуп жаткан убакта Каниметов КТРКда иштеп жүргөн.

Сурактан кийин журналист тергөөчү аны кылмыш иши менен коркутканын билдирген.

«УКМК менин артыман да казып жатат деп болжоого бардык негиздер бар. Анткени мага көбүнчө айыпталуучуларга же статусу жакында өзгөрө турган күбөлөргө берилген суроолорду берип жатышты» — деген ошондо Каниметов.

Кийинчерээк Каниметов аны суракка алган Коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн үстүнөн юристтер арыз беришкенин, бирок сот алардын арызын канааттандырбай койгонун маалымдаган.

Мынлдан тышкары, Каниметов 19-апрелде милция кызматкерлери аны Балыкчыдагы үйүнө издеп барышканын билдирген. Анын айтымында, ал үйдө жашаган туугандары тыңшоодон корккондуктан бул тууралуу ага дароо айтпай коюшкан.

«Алар эмне үчүн келишкенин суракка чакырууларды тоготпой жатканымды жана жогорудан жүргөн жеримди аныктоо тапшырмасы берилгенин айтып түшүндүрүшкөн. Болбогон сөз да. УКМКга суракка мени, өзүңөр билесиңер, бир эле жолу чакырышкан, ага баргам. Бул 11-мартта болгон экен — тагыраагы, бир жарым ай мурда», — деп жазган ал фейсбук барагында.

Каниметов милиционерлердин бири анын тууганын үйдү тинтийбиз деп коркутуп, кийинчерээк журналист ал жерде жашабайт деген документке кол коюп берүүсүн суранышканын кошумчалады. Тууганы баш тарткандан кийин милиционерлер аны эртеси күнү РИИБге келип түшүнүк кат жазып берүүсүн талап кылышкан.

Мындан тышкары, журналисттин айтымында, жергиликтүү РИИБдин кызматкерлери Каниметов жана анын туугандары жөнүндө билүү үчүн кошуналарды сурамжылашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мени милиция издеп, туугандарымды коркутту — журналист Канат Каниметов

«Кылмыш козгойбуз деп коркутушту» — Каниметов УКМКдагы сурак жөнүндө

«Апрелдин» журналисти Каниметов Сегизбаевдин иши боюнча УКМКга чакырылды