«Апрелдин» журналисти Каниметов Сегизбаевдин иши боюнча УКМКга чакырылды

«Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметов УКМКга Абдил Сегизбаевдин иши боюнча суракка чакырылды. Каниметов бул тууралуу фейсбук барагында жарыялады.

Это случилось. 😀 Вызвали на допрос в ГКНБ. По делу Сегизбаева. На 15:00. Следователя зовут Санжар Жантаев. Барамын баратамын бара жатам))

Опубликовано Канатом Каниметовым Четверг, 11 марта 2021 г.

Каниметовдун маалыматы боюнча, сурак саат 15:00гө белгиленген. Сегизбаевге байланыштуу кайсыл иш боюнча сурак болору белгисиз.

Сегизбаевдин кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 2021-жылдын 25-январында «Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча, мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов «жана башка кишилердин» арызынын негизинде кармалган.

Арызда Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда, тагыраак айтканда, «Белизгейт» иши боюнча кызматын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча мыйзамсыз иштери тууралуу айтылат.

Сегизбаев кармалгандан кийин, башкы прокурор Курманкул Зулушев Сегизбаевге карата алты кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирген.

Ал кайсыл кылмыш иштери экенине токтолгон эмес, болгону иштердин бирөөсүнө байланыштуу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева суракка алынганын кошумчалады.

Башкы прокурор Сегизбаевдин кармалышы саясий куугунтук эмес экенин да кошумчалаган.

Башкы прокурордун билдирүүсүнөн кийин Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев УКМКнын экс-башчысына алты эмес, бир гана кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилгенин маалымдаган.

«Белизгейт» иши боюнча адвокат документтерди Сегизбаевге мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бергенин айтып, ал «[Сегизбаев] УКМКнын башчысы жана генерал катары түздөн-түз жетекчисининин жана жогорку аскер кол башчысынын буйругун аткарбай коё алмак эместигин», ошол себептүү «кызматтык кызыкчылыгына каршы эч нерсе кылган эмес» деп кошумчалаган.

Адвокат Абдил Сегизбаевди эл өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы дискредитациялоо менен аларды атайылап кылмыш жасаган деп айыптап, жаманатты кылган деп айыптоону негизсиз деп эсептейт, себеп дегенде саясатчылардын ар-намыс жана кадыр барктарын коргоо тууралуу Сегизбаевге карата жазган арыздары боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими бар.

Мындан тышкары, Сегизбаевдин иштеринин бири боюнча Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаева да кармалган.

Чодобаеванын жашы жете элек төрт баласы бар, бирок ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Чодобаеванын айылдаштары ага коюлган бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылып митингге чыгышкан, бул маселе боюнча акыйкатчы Токон Мамытов да кайрылуу жасаган. Бирок Чодобаева дагы деле УКМК тергөө абагында.