«Кыйкырып жатышса иштей албайм». Бишкектин вице-мэри Чыныбаева кызматтан кеткенин айтты

«Мага кыйкыра берсе, иштей албайм. Мэриянын бардык кызматкерлери жумуштан айдап салат деп чогулуштардан коркуп отурушат. Мен муну туура эмес деп эсептейм», — деп белгиледи ал.

Аткаминердин айтымында, ал шардын мэри Бактыбек Кудайбергеновдун акыркы бир канча айдан берки орой мамилесинен улам нерв системалары козголуп, ооруканада дарыланууда.

Мэрия эмне дейт?

Борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы Чыныбаеванын билдирүүсүнө дароо жооп кайтарды.

«Биз социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары кызматы жооптуу, эмоционалдык жактан оор экенин түшүнөбүз. Социалдык багыт менен кошо, Айжан Адамкалыевна борбордогу коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнү дагы тескейт. Ал тургай, вице-мэр азыркы күнгө чейин Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултуу жана жөнөтүү иштеринин активдүү мүчөсү экенин белгилеп кеткибиз келет. Биз кесиптешибиздин туруктуулугун жана өз ишине берилгендигин жогору баалайбыз», — деп айтылган ведомствонун билдирүүсүндө.

Басма сөз кызмат вице-мэрдин барагындагы видеону «жалпы эл үчүн оор мезгилде көкүрөккө батпай кеткен ызаны сыртка чыгаруу» деп баалаганын да билдирди.

«Белгилеп кетүүчү жагдай, Айжан Чыныбаева расмий жактан дагы да болсо Бишкектин вице-мэри. Ал бизге өз каалоосу менен жумуштан кетип жатканы тууралуу арыз бере элек», — дешти муниципалитеттен.

Айжан Чыныбаева деген ким?

Айжан Чыныбаева 2020-жылдын октябрынын аягында Бишкектин вице-мэри болуп шайланганга чейин активист жана саясатчы катары таанымал болчу. Ал Борбор Азиядагы Америка Университетинде «Бизнести башкаруу» багытында билим алган. Кыргызстандын консулдук клубдарынын президенти болгон жана Кыргызстандагы Let’s Do It эл аралык экологиялык кыймылын жетектеген.

Парламенттин жетинчи чакырылышына Чыныбаева «Бир Бол» партиясынан аттанган. Айрым маалыматтарга ылайык, анын күйөөсү Арсланбек Кененбаев Максим Бакиевдин аялы Айжан Кененбаеванын бир тууганы болушу мүмкүн. Мындан тышкары, Чыныбаева коомчулукта экс-президент Роза Отунбаеванын жээни деп да айтылып жүрөт.

Айжан өзү мындай билдирүүлөрдү «саясий компроматтардын согушу» деп атаган. Анын айтымында, Отунбаева жана Бакиев менен болгон тууганчылык байланыштар боюнча божомолдорду он жылдан бери жазып келишет — «бул эскирген, тамтыгы чыккан окуя».

«Мен “бакиевчи да”, “отунбаевачы” да эмесмин, мен өз алдымча инсанмын. Көптөн бери эле социалдык долбоорлор менен иштеп жүрөм, бардыгына өз эмгегим менен жетишкем», — деп билдирген Чыныбаева.

Кризистик борбор жана «азык-түлүк»

Муниципалдык кызматка келгени Чыныбаева Бишкек шаарынын аймагында, өлкөдөгү алгачкы аялдар үчүн муниципалдык кризистик борбор ачканы менен эсте калды.

Ошондой эле, ал жергиликтүү тургундарга «өзүңөр жараткан балдарга жоопкерчилик ала албасаңар эмнеге төрөдүңөр» деп айткан чиновник катары шаардын тарыхында калды. Бишкектеги мектеп окуучуларынын ата-энелери муниципалитеттин өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугуп, пандемия башталгандан кийин мамлекеттик мектептер менен бала бакчаларды оффлайн-окууга өткөрүүнү талап кылышкан.

Алар бир жылдан ашкан онлайн окуудан улам жаш балдардын ден-соолугу начарлай баштаганы тууралуу айтышкан. Бирок жоолугушуулардын биринде вице-мэр ата-энелердин бирине орой жооп кайтарып, сүйлөтпөй койгон.

«...Баарына өзүңөр жооп бересиңер. Бул силер жараткан балдар, алар үчүн жоопкерчиликти ала албасаңар эмнеге төрөдүңөр?» — деп жоопту укпастан жооп берген Чыныбаева.

Вице-мэр кийинчерээк анчейин туура эмес сөз айтып алганын танбасын, бирок анын айткандарын «контексттен сууруп» алышканын белгилеген.