Президент чек ара чырында жабыркагандар менен жолугуу үчүн Баткенге барды

Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Президент Садыр Жапаров 6-майда иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров чек ара жаңжалында жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орноткондон кийин башталган.

Ал ок атышууга айланып, анын кесепетинен 189 киши жарадар болгон — анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Мындан улам кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат.


Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.