Тажик ЖМКлары: Тажикстан менен Кыргызстан Исфара — Ворух жолун курууну макулдашты

Тажик ЖМКлары 5-майда Тажикстан менен Кыргызстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзүшкөнүн жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырат.

«Жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Тажик тарап аны колдонот жана аны өзү тейлейт. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат», — деп билдирди Asia Plus басылмасы.

Аталган келишим Тажикстандын жана Кыргызстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация кылуу боюнча өкмөттүк делегациянын билдирүүсүндө маалым болгону айтылат.

Макулдашууда айланма жол Капчыгай (Таңги) калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөрү белгиленген. Ошондой эле, жолдун курулушу тезирек башталышы үчүн топографиялык жумушчу тобуна долбоор боюнча уюмдар менен бирге 2021-жылдын 1-июнуна чейин аталган тилкенин «Баткен районунун иш жүзүндө колдонушун» изилдөө тапшырылган.

3-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан 9-майга чейин чек арадагы 112 чакырым жерди тактайт деп билдирген. Ал эки тарап бир нече аймактар боюнча бир пикирге келгенин белгилеген. Бирок Ворух анклавына барчу альтернативдик жолдун курулушу боюнча макулдашуу тууралуу сөз кылган эмес.

Кыргыз өкмөтү азырынча Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча комментарий бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орноткондон кийин жаңжал башталган. Эртеси күнү чыр ок атышууларга чейин жеткен. Анын кесепетинен 189 киши жарадар болгон — анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлады.

Исфара — Ворух альтернативдик жолу

2019-жылдын март айында ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстан менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргыз бийлиги чек арага жакын аймакта дагы бир жол курмай болду деп билдирген. Ал эми жолду эки тарап тең пайдала алат деп белгилеген.

«Кээ бир серепчилер [Кыргызстан Тажикстанга] коридор берди деген ойду айтып жатышат экен. Эч кандай коридор берилген жок, ал жолдорго эч кандай статус берилген эмес. Аксайдын сыртынан курулуп жаткан [Ворух — Исфара жолу] жеңилдик түзүш үчүн кошумча жол катары курулуп жатат. Аны менен Кыргызстандын да Тажикстандын да жарандары пайдалана алышат», — деген Разаков.

Ал кошумчалагандай, кыргызстандыктар мал-жандыктарын жайыттарга Ворух анклавына кирбей айдап өтүшү үчүн салынып жаткан Аксай — Тамдык жолунун курулушу аягына чыгарылат.

«Протоколдо белгиленип кеткендей, Аксай — Тамдык жолун кыргыз тарап куруп, аягына чыгарат деп чечиштик. Анын курулушу башталган. Бул боюнча жалданмачыны тандоо боюнча бардык тендердик маселелер чечилген. Ушул багыт боюнча иштерди аягына чыгарабыз», — деген Разаков.

Кыргыз-тажик чек арасынын чечилбеген көйгөйү

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келе элек.

Тажик тарап Ворух Тажик ССРинин курамында болгону көрсөтүлгөн 1924-1927-жылдагы картаны колдонуу керектигин айтса, Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келет. Ворух аймагы 1950-жылдары Кыргызстанда анклав болуп калган.

Аталган аймактын тургундары арасында чыр-чатак жер, жайыт, суу талаштан улам такай чыгып турат. 2019-жылы да июль айында чыр чыгып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмон жаңжал болгон аймакта жолуккан.

Кыргыз бийлиги жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Ак-Сай — Тамдык жолу

Кыргыз өкмөтү Баткенде Ак-Сай — Тамдык айланып өтүүчү унаа жолун куруп жатат. Бул жолдун курулушунан 2019-жылдын 13-мартында чыр чыккан.

Ворухтун тургундары бул жолдун курулушуна каршы чыгышкан, анткени алардын пикири боюнча, жол Тажикстан менен Кыргызстандын талаштуу жер тилкелери аркылуу өтөт. Ал эми кыргыз бийлиги болсо жолдун курулушу Кыргызстандын аймагында жүрүп жатканын билдирип келет.

Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык — Кишемиш айланма жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Аталган каттам Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүп, Кыргызстанга караган Кишемиш жайлоосуна алып барат. Жолдун узундугу 25 чакырымды түзгөн. 13-марттагы ызы-чуудан кийин айланып өтүүчү жолго дагы төрт чакырым кошулган. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жолдун 21 чакырымы салынып бүткөн.

Кыргызстандын жана Тажикстандын аймактарында тактала элек жер тилкелери көп. Бул чек арага жакын аймактарда толкундоолордун чыгышын шарттап келет. Эки мамлекеттин жергиликтүү тургундары сууну пайдалануу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелери боюнча байма-бай чатакташып келишет.