COVID-19: Коронавирусту жуктурган 6 бейтап каза болду, жаңы 416 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 8-майда коронавирустун жаңы 416 учуру катталгандыгын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 246;

Чүй облусунда — 110;

Ош облусунда — 3;

Ысык-Көл облусунда — 25;

Ош шаарында — 10;

Баткен облсусунда — 2;

Жалал-Абад облусунда — 15;

Нарын облусунда — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 98 079га жетти.

Ал эми акыркы суткада 308 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 202, Чүй облусунда — 77, Ош шаарында, Ош жана Талас облустарында — экиден, Нарын облусунда — беш, Жалал-Абад облусунда — төрт, Ысык-Көл облусунда — 14 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 91 267 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 653 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 487 киши оор, 83 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 514 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 454.

Мындан сырткары, Бишкек шаарында — төрт жана Чүй жана Ысык-Көл облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 649 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 7 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында — беш, Ысык-Көл жана Чүй обулстарында — бирден медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 485ге жетти, анын ичинен 4 417 медкызматкер илдеттен айыкты.