Өлкөдө коронавирустан алты бейтап каза болуп, жаңы 321 учуру катталды

Кыргызстанда 9-майда коронавирустун жаңы 321 учуру катталып, алты адам каза болду. Илдетти жуктуруп алгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 221;

Чүй облусунда — 54;

Ысык-Көл облусунда — 20;

Нарын облусунда — 11;

Ош шаарында — 7;

Жалал-Абад облусунда — 7;

Талас облусунда - 1;

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 98 400гө жетти. Аларды 91 559и оорудан айыкты. Ошондой эле, Өлкө боюнча илдеттен 1 655 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 1 653 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 458 киши оор, 85 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2514 киши дарыланууда.

Ошондой эле, Бишкек шаарынан үч медкызматкер коронавируска чалдыкты. Беш мед кызматкер ооруканадан, дагы үчөө үй карантининен чыгарылды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 488 ге жетти, анын ичинен 4 417 медкызматкер илдеттен айыкты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Коронавирустан каза тапкан медиктердин үй-бүлөсүнө 243 млн сом кенемте бөлүндү

График. Борбор Азияда эмдөө кандай жүрүп жатканын билгиңиз келеби?

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.