Чек ара жаңжалы: Жабыркагандардын бири Түркияда көзүнө операция жасатат

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда жабыркаган бир жаран Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү. Ал жерде анын көзүнө операция жасалат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуунун себебинен Баткенден Бишкекке 57 адам дарылануу үчүн которулган. Учурда бирөө чет мамлекеттен операция жасатууга муктаж болгондуктан жөнөтүп жатабыз», — деди ал.

Солтонбекова жабырлануучунун Түркиядагы дарылануусун Улуттук кызыл жарым ай коому каржылап жатканын билдирди.

Жабырлануучу Интернационал айылынын 1983-жылы туулган тургуну. Анын оң көзү жабыркап, 30-апрелден бери ооруканада жаткан. Андан тышкары эки бутунун кетмени сынган. Жабырлануучунун айтымында, ал качып баратканда жанынан миномет жарылган.

«Түркияга көзүмдү дарылатыш үчүн жөнөтүп жатышат. Аны менен бирге бутумду да дарылашат. Бирок көздү биринчи операция кылбаса, көрбөй калышым мүмкүн экен», — деди.

Чек арадагы ок атуу

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу макулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгондон кийин мүмкүн болгон.

Тажикстандын бийлиги каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалыматты 6-майда гана жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу кагылышуунун натыйжасында 19 адам курман болуп, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

Ал эми 10-майда Башкы прокуратура тажик тарап 10 кыргызстандыкты барымтага алган факты боюнча «Кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын маалымдаган. Кыргыз бийлиги Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат.