Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Адылбек Касымалиев

Каржы министрлигинин мурдагы жетекчиси Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 14-майда кол койду.

Касымалиев 2015-2018-жылдар каржы министри болгон. Мындан сырткары ал Салык кызматы, Социалдык фонд жана Экономика министрлигинде жетекчилик кызматтарды ээлеген. Ошондой эле ал «ЭкоИсламикБанктын» директорлор кеңешинин мүчөсү.

2019-жылы Кумтөр кенин иштеткен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен жаңы келишимдин негизинде «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» фонду түзүлүп, аны Адылбек Касымалиев жетектери айтылган болчу.

Садыр Жапаров 7-майда президенттик администрациясын түзгөн — ал президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында түзүлгөн.

Жаңы түзүлгөн администрацияны Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт, буга чейин ал президенттик аппараттын башчысы кызматын ээлеген. Администрациянын жетекчисинин үч орун басары — Медербек Сатыев, Бектур Зулпиев жана Жеңишбек Асанкулов — буга чейин президенттик жана өкмөттүк аппараттарынын жетекчилигинде иштеген.