Зарылбек Рысалиев депутаттык мандатын тапшырды. Анын ордуна Осконбай Жээнбаев келди

Зарылбек Рысалиев

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырды. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы бош мандатты 14-майда Осконбай Жээнбаевге өткөрдү.

«Азаттык» Бишкектин Свердлов райондук соту Рысалиевди айыпка жыгытканын жазды, бирок ал кайсы иштин алкагында жоопкерчиликке тартылганы белгисиз. Рысалиев буга чейин ички иштер министри жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болгон.

Экс-депутат ЖАМКты жетектеп турганда, тагыраагы 2013-жылы, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев жасалма «лейкоз» диагнозу менен бошотулган. Бийлик кримтөбөл Батукаевдин бошотулушу тууралуу ишти 2019-жылы жазында жандандырган.

ИИМ анын бошотулушуна байланышы бар дарыгерлерден жана бир катар аткаминерлерден сурак алган — алардын ичинде Рысалиев да болгон. Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушуна Рысалиевдин да тиешеси бар болгону айтылып, ал 2019-жылдан тарта үй камагында болчу.

Батукаевдин ишин иликтөө Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон. ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Натыйжада укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин багынып берген.

Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында камакта отурат, ага штурмдан кийин бир катар айыптар тагылган.

Ал эми бул ишке тиешеси бар делген башка аткаминерлер тергөө менен кызматташууга барып, айыпка жыгылышкан.

Кийинчерээк, 2020-жылдын август айында, Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бул иш боюнча 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Атамбаевдин иши кайра кароого жиберилген.