Депутаттар Жогорку соттун судьясы Памирдин Жумагуловду кызматтан алды

Парламенттин депутаттары 19-майдагы отурумунда Жогорку соттун судьясы Памирдин Жумагуловду кызматынан бошотту. Маалыматка ылайык, ал буга чейин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Жумагулов Жогорку сотко 2013-жылы келген. Ал жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын мүчөсү болгон.

2018-жылы жарандык активисттер Памирдин Жумагуловду судьялардын «кара тизмесине» киргизген. Алардын айтымында, бул тизмеге «паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген» судьялар кирген.

Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун судьясын отставкасын Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн эки бөлүгү колдошу керек. Жумагуловду кызматтан алуу тууралуу токтомду 92 депутат колдоду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин өтүнүчү менен Жогорку соттун төрайымы кызматынан убактылуу бошотулду

Жогорку соттун төрайымы болуп Нургүл Бакирова шайланды