«40 миң сом пара». Бишкекте көрүстөн сатууга шектелген кызматкер кармалды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Андрей Кирнов

«Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын кызматкери 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Назгүл Кыдыралиева билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкананын кызматкерлери маркумдардын жакындарынан Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө миң доллардан беш миң долларга чейин сый акы алып жүрүшкөн. Бирок аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен даярдап келишкен.

«18-майдагы сотко чейинки териштирүү материалдардын алкагында “Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин” кызматкери маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 миң сом алып жаткан жеринен кармалды», — деди Кыдыралиева.

Кармалган шектүү учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки тергөө амалдары улантылууда.

Көрүстөндөгү орундардын жетишпестиги

Бишкектин айланасындагы мүрзөлөрдө сөөк коюуга орундар калбай баратканы боюнча өткөн жылдын жай айларында, коронавирус оорусу күчөп турган маалда айтылган. Анда COVID-19 жуктуруу коркунучунан улам коронавирустан кайтыш болгондордун сөөктөрүн жерге берүү боюнча кызматтардын баасы кескин жогорулаган болчу.

Борбор калаанын жетекчилиги үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып Ылдыйкы Орок айылына жакын жайгашкан Түштүк-батыш көрүстөнү жабылаарын билдирген. Буга көрүстөндө сөөк коюуга орун калбай калгандыгы себеп болгон.

Мындан сырткары, көрүстөндүн жыбылуусуна «Ала-Арча», «Жер ынтымагы» конуштарынын, Мамэкотехинспекциянын, Санэпидемкөзөмөлдүн жана «Бишкек башкы архиректуранын» корутундулары дагы себеп болгон.

Мэриядан маркумдардын сөөгү кыргыз-казак чек арасынан алыс эмес жерде жайгашкан Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы жаңы көрүстөнгө коюларын билдиришкен.

Жалпысынан Бишкектин аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин (БАККА) карамагында алты көрүстөн бар — Түштүк-Батыш, Гроздь айылындагы, Ала-Арча жана жабык Түндүк, Боордоштор жана Дунган көрүстөндөрү.