Кумтөрдө каза тапкан кызматкерлердин өлүмү боюнча кылмыш иштери кайра жандандырылды

Жогорку Кеңеште 20-майда «Кумтөр Голд компани» ишканасынын иштерин иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаровдун маалымат жыйыны өтүүдө. Анда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана Экология боюнча мамкомитеттин башчысы Динара Кутманова катышып жатат.

Жапаров Кумтөр кенинде каза тапкан кызматкерлердин өлүмү боюнча кылмыш иштери кайра жандандырылганын кабарлады. Анын айтымында, алтын кен иштетилип башталгандан тартып 19 адам адам иш үстүндө каза тапкан.

«Адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө зыян келгенде күнөөбүз жок деп, акырын Кыргызстандан качып чыгып кетишчү. Ушул технологиялардын баары бузулгандыктан 19 жараныбыз каза болуп, бирок өзүлөрү күнөөлү же болбосо ошол жерде иштеп аткан биригадир же мастери күнөөлүү деп, тараптардын баарынын бизге талаптары жок деп кылмыш иштеринин баарын жаба беришкен. Биздин бул боюнча дагы дооматтарбыз көп. Кылмыш иштери кайра жандандырылды», — сказал Жапаров.

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБи Кумтөр кениндеги үч кызматкердин өлүмүнө байланыштуу иликтөө жүргүзүп жатканы кабарлаган.

Окуялардын бири 2019-жылдын декабрь айында болгон. Лысый суусунун түндүгүндөгү көчкүдөн улам ишкананын эки кызматкери дайынсыз жоголуп, учурда алар каза тапкан деп эсептелинет.

Дагы бир окуя 2020-жылдын февраль айында катталган. Анда экскаватор-машинист иш учурунда Петров көлүнө техникасы менен кошо кулап кеткен.

Милиция бул фактыларды «Тоо-кен, курулуш, жарылууга кооптуу же башка иштердин коопздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча катттаган. Андан соң май айында Ысык-көл облустук прокуратурасы ишти кошумча териштирүү үчүн тергөө кызматына жөнөткөн.

ИИМ ал кезде объективдүү тергөө үчүн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилиги көрсөтмө берүү үчүн чакырылганын билдирген болчу. Бирок милициядан чакырылган күбөлөрдүн бир дагы Кыргызстанда эмес экенин белгилешкен.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген — башкаруучуну министрлер кабинети менен Маммүлктү башкаруу боюнча фонду тандайт.

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны Канаданын Centerra Gold Inc. иштетип келет. Кыргызстан Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр Голд Компани» ишканасы Centerra Gold Inc. аркылуу башкарылат.

Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылганы негиз болгон. Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошондой эле депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү.

Буга чейин дал ошол парламенттин депутаттары бул үчүн негиз түптөшкөн — алар дароо үч окууда каалаган компанияга сырткы башкаруу киргизүүгө жол ача турган мыйзамды кабыл алышкан. Мыйзамга ылайык, эгерде компания кеңдерди коргоо талаптарын, мыйзамда бекитилген экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук нормаларын бузса, же иштин таасир этүүчү аймагында жашаган адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурса, ошол эле маалда келтирилген зыянды жоюу боюнча эч кандай чара көрбөсө сырткы башкаруу киргизилет. Жапаров бул мыйзамга 14-майда кол койгон.

15-майда ЖМКларда укук коргоо органдары Кумтөр компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатканы айтылган. Анда УКМК тергөө жүрүп жатат деген жүйөө менен, комментарий берүүдөн баш тарткан, бирок 17-майда тинтүү жүргөнүн тастыктаган.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc.Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган.

Ошондой эле Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал». Анткен менен жаңы тышкы башкаруучу — Тенгиз Бөлтүрүк — кендин жааматы менен тааныштырылган.