ИИМ: Акыркы коңгуроо күнү өлкөдө 4 миңдей милиция кызматкери иштейт

ИИМдин басма сөз кызматы акыркы коңгуроо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту сактоого дээрлик 4 миңге чукул кызматкер тартылаарын билдирди. Мындай чечим мекеменин онлайн-жыйынында кабыл алынды.

«Милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Атап айтканда, акыркы коңгуроого карата салтанаттуу иш-чараларды, жаратылышта, шаардын четинде, ресторандарда отуруштарды уюштурбоого чакырып жатат. Ошондой эле, жол кырсыктарынын алдын-алуу максатында жашы жете электерге автотранспорттук каражаттарды бербөө керектиги эскертилди», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

ИИМден белгилешкендей, акыркы коңгуроо күнү билим берүү мекемелери менен жергиликтүү администрациялар жана мамлекеттик органдар жашы жете электер чогулган жерлерди текшеришет.

Акыркы коңгуроо онлайн-форматта

Бийлик 19-майда өлкөдөгү эпидабалга байланыштуу акыркы коңгуроону онлайн-форматта өткөрүү чечимин кабыл алган. Жалпысынан салттуу акыркы коңгуроо салтанаты өлкөнүн 2 миң 296 мектебинде өткөрүлбөйт.

«Билим берүү жана илим министрлигинин бүтүрүү кечеси жана акыркы коңгуроо салтанатын салттуу форматта өткөрүүгөө тыюу салган буйругу чыккан. Мониторинг жүргүзүлүп жатат, бизде ар бир облуска курарторлук кылган адистер бар, алар байланышып турат, буйрукту бузгандар, аткарбагандар болсо ага жол берген жетекчилерге карата дисциплинардык чара көрүлөт», — деп билдиришти билим берүү министрлигинен.

Эрежеге баш ийбей, бүтүрүү кечелери өткөрүлгөн учурда тартиптик чаралар колдонулаары белгиленди. 

Саламаттык сактоо министрлиги апрель айында COVID-19 жуктуруп алгандардын саны көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» киргенин кабарлаган болчу. Мисалы, өткөн суткада Бишкекте 193 адамдан коронавирус аныкталган. Кыргызстандын башка облус жана шаарларындагы жуктуруп алгандарды салыштыра келгенде бул чоң көрсөткүч.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 102 702 COVID-19 жуктурган учур катталды. Коронавирус жуктурган 1 757 бейтап каза тапкан.

Материалды даярдаган Нурсултан Үсөнов.