Таласта тойдон кийин классташын бычактап өлтүргөн киши 10 жылга кесилди

Талас шаардык соту калаадагы дүкөндөрдүн биринде классташына бычак сайып өлтүргөн тургунду 10 жылга кести. Өкүм Жогорку соттун сайтында 20-майда жарыяланды.

Кылмыш 2020-жылдын 12-октябрга караган түнү жасалган. Окуя видео байкоочу камерага түшүп калган. Тергөөдө маркумдун бычакталуусуна пикир келишпестик себеп болгону белгилүү болгон.

Соттук териштирүү учурунда соттолуучу күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтымында, 11-октябрда досунун үйлөнүү тоюнда арак ичишкен. Тойдон кийин жубайларды узатып майрамдоону улантышкан.

Айыпталуучунун көрсөтмөсүнө ылайык, «Алтын-Казык» соода борборундагы суусундук саткан бөлүккө барганда маркум аны сөккөе жана сатыкта турган бычак менен «сайып салам» деп коркуткан. Ал өзүн коргоп калуу максатында классташын киндик тарапка бир жолу сайып бычакты ордуна коюп койгондугун айткан.

Ал эми тойдо жана соода борборунда айыпталуучу жана маркум менен бирге жүргөн алты күбөнүн бири алардын ортосундагы пикир-келишпестик той учурунда эле пайда болгонун кабарлаган. Ошондой эле соттук териштирүүдө айыпталуучу буга чейин эле маркумду белгисиз нерсе менен ичине саюуга аракет жасаганы аныкталган.

Күбөлөр ошол жерден жабырлануучу шаардык ооруканага жеткиришкен, бирок дарыгерлер ал жолдо эле каза болуп калганын билдиришкен.

«Н. Т. Ж. бычак менен жаракатталгандан соң ички ичегиси кесилип, ички органдарында кан агуу болгон. Алган жаракаттары анын өлүмүнө түздөн-түз себеп болуп, жаракаттын убактысы боюнча да дал келгендиги аныкталган», — деп соттук-медициналык экспертиза корутунду чыгарган.

Мындан сырткары, соттук-психологиялык экспертиза айыпталуучунун акыл-ээси жайында болгонун жана кылмыш жасоо учурунда өзүнүн кыймыл- аракетине толук жооп берген абалда болгонун аныктаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«21 жерине бычак сайылган». Ош шаарынын тургуну үйүнө жакын жерде киши колдуу болду

Ошто эки окуучуну бычактаган шектүү үй камагына чыкты

Чүйдө өз баласын бычактап өлтүрдү деген аял кармалды