Ошто эки окуучуну бычактаган шектүү үй камагына чыкты

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында эки мектеп окуучуларын бычактап кармалган бала үй камагына чыгарылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 25-февралда маалымдагандай, мындай чечимди сот шектүүнүн жашы жете электигин эске алуу менен кабыл алды.

Ош ШИИБинин маалыматына ылайык, окуя Ош шаарындагы мектептердин биринде 22-февралда орун алган. Ошондой эле, жабырлануучулар менен шектүү мурунтан тааныш болушкан жана окуя болгон күнү пикир келишпестиктен чыр чыккан.

«Болжол менен саат 13:00дөр чамасында окуучулар өз ара кайым айтышуулардан соң шектүү жанындагы миздүү буюм менен жабырлануучуларды сайып жиберген. Шектүү 2003-жылы туулган. Ал эми жабырлануучулар 11-класстын окуучулары болгон. Бычак сайып жиберген бала окуя болгон күнү эле кармалып, милицияга алынып келген», — деп билдирди Ош ШИИБиден.

Аталган факт боюнча «Бейбаштык» беренесинин экинчи бөлүгү менен тергөө амалдары улантылып жатат. Мындан сырткары, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жабырлануучулардын жараты жеӊил болгондуктан, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар үйлөрүнө чыгарылган деп кошумчалашты милициядан.

«Турмуш» басылмасы жабырлануучулардын бири Ош шаарындагы Панфилов атындагы мектеп-гимназиясында, ал эми экинчиси Пушкин атындагы орто мектепте окугандыгын маалымдады. Аталган мектептердин аралыгы жакын жайгашкан. Ал эми кылмышка шектүү Калинин мектебинде билим алат.

Панфилов мектебинин жетекчисинин айтымында, кылмышка шектүү бала дос балдары менен эки автоунаада Пушкин мектебине келген. Андан кийин топтолуп сүйлөшүп турган балдар менен кайым айтышып, эки окуучуга бычак сайып качып кеткен.

«Окуя 2-3 мүнөттө болуп өттү. Окуучулар коркуп мугалимдер отурган кабинетке кирип, “эжеке, бизди бычактап кетишти” дешти. Дароо тез жардам анан милиция чакырдык. Буга чейин биздин мектепте мындай бир да тирешүү катталган эмес», — деген директор.

Окуучулар арасындагы тирешүүлөр

Буга чейин 11-февралда Ош шаарындагы №7 Нариман атындагы мектептин 10-классынын эки окуучусу бычакталып, ооруканага жеткирилгени кабарланган. Алардын бирөө ооруканада каза тапкан, экинчи окуучуга операция жасалган.

Окуя аталган мектептин жанындагы «Ареопаг» дүкөнүнүн артында болгон. Кылмышка күбө болгон жабырлануучулардын классташтары милицияга окуянын чоо-жайын айтып беришкен. Ага ылайык, алар келе жатканда үч бейтааныш бала чыгып, «эмнеге күлүп жатасыңар?» деп эки баланы «сүйлөшүүгө» чакырган.

Андан соң бейтааныш балдар бир окуучуга эки жолу, экинчисине бир жолу бычак сайып качып кетишкен. Жарадар болгон балдарды жана эки күбө кызды милиция кызматкери унаасы менен ооруканага алып кеткен.

Ошол эле күнү окуучуларды бычактаган 16 жаштагы эки жана 15 жаштагы бир жигит кармалган. Алгачкы сурак учурунда кармалгандардын бири бычак сайган жигит жасаган кылмышын моюндаган.

Кармалган өспүрүмдөр Бишкек шаарынын Дордой конушунун жашоочулары болгону айтылган, үчөө тең мектепти ташташкан. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Тема боюнча:

Ошто эки окуучу бычакталып, бирөө каза болду

Ошто эки окуучуну бычактаган үч жигит кармалды

Ошто бычакталган окуучуга операция жасалып, абалы туруктуу