Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагылышып 5 киши каза тапты

Бишкек — Ош унаа жолунун 170-чакырымында 26-май күнү жол кырсыгы катталып беш киши каза тапты. Алардын арасында бир жаш бала бар.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек — Ош жолунун Суусамыр өрөөнүндө «Тойота Камри» жеңил унаасы менен «МАН» оор жүк ташуучу унаасы кагылыша кеткен.

Анын кесепетинен жеңил унаанын ичинде бараткан эки эркек, эки аял жана бир жаш бала жеринде каза болгон.

Жерине ӨКМдин беш куткаруучусу барып, каза болгондордун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген.

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Бишкек — Ош жолунда эки жол кырсыгы катталып, эки киши каза болгон. Ошондой эле 13 адам ар кандай жаракаттарды алган.