Алайга көчүп келген памирлик окуучулар Ош шаарын кыдырды

Ош облусунун Алай районуна көчүп келген памирлик 23 окуучу Ош шаарында эки күндүк саякатта болушту. Алар Сулайман-Тоого, куурчак театрына жана зоопаркка барышты. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Ага ылайык, буга чейин Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов Алайга памирликтерге паспорт тапшырууга барганда, 7 жаштагы Хусейн Памири Афганбек уулу кат берген. Анда ал облус башчысынан өзүн жана анын досторун Ош шаарына алып келип саякат уюштуруп берүүнү суранган.

«Мен балдарыбызга саякат уюштурууну убада кылып, аны бүгүн аткарып жатам. Биз балдарыбыздын келечегине кам көрүшүбүз керек», — деди Абдураимов.

Окуучулар 26-27-майда саякатташты. Алардын коопсуздугун жана ден соолугун көзөмөлгө алуу үчүн мугалимдер, дарыгерлер жана милиция кызматкерлери коштоп жүргөн.

Памирлик кыргыздар

Алай районундагы Сары-Могол айылына памирлик кыргыздар 2019-жылдын 23-декабрында көчүп келген. Жалпы он бир үй-бүлө болгон. Алар алгач айылдагы мектеп имаратына убактылуу жайгаштырылган. Бир жылдан соң жети үй-бүлөгө аталган райондун Талды-Суу айылынан жаңы үй берилген.

Ооганстандан памирлик кыргыздарды Кыргызстанга бийлик 2017-жылдан баштап алып келе баштаган. Алгач Нарын облусуна 33 этникалык кыргыз көчүрүлүп, аларга билим алуусуна шарт түзүлүп, саламаттыгы текшерилип, турак жай берилээри убада кылынган. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда наристелүү болгон бир үй-бүлөгө гана турак жай берилген.

Окуу жылы бүткөндөн кийин ондон ашуун этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы жашоо шартынын начардыгы менен жана көнүшүп кете алышпаганы менен түшүндүрүшкөн.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.