Кайрадан конкурс болот. Муфтийди шайлоо кийинкиге жылдырылды

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийин шайлоо кайрадан өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын курултайы 26-июнга жылдырылды.

«КМДБнын уставында көрсөтүлгөн эрежеге ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кызмат ордуна талапкерлерди кайрадан каттоо жүргүзүлүп, кайрадан конкурс өткөрүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Муфтийликке, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган. Муфтий болууга сегиз талапкер арыз берип, анын алтоо тандалып алынган. Алар: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Убайдулла Сарыбаев. Ал эми Шакир Маматов менен Сайдамир Жейналиевдин билими талаптарга жооп бербейт деген жүйө менен шайлоодон четтетилген болчу.

Муфтий, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү 29-майда шайлана турганы кабарланган.

Муфтияттын алдындагы митинг

Муфтийликке талапкер болгондорду тандоо 21-майда башталган болчу. Ушул эле күнү муфтияттын имаратынын алдына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы коррупцияны жоюу жана Аалымдар кеңешинин азыркы курамын алдыдагы шайлоого катыштырбоо талабын койгондор нааразычылыкка чыгып, боз үй тигишкен.

Коомдук ишмер Алик Темиров ажылыктын баасы өтө эле кымбаттап кеткенине нааразы болуп, ажылыкка баруу мурда 1,5 миң доллар болсо, учурда анын баасы 3,6 миң долларга чыкканын айкан. Чогулгандар ажылыктын баасын түшүрүп, муфтийди тандоону таза өткөрүүнү талап кылышкан.

Учурда муфтийдин милдетин Жоробай Шергазыев аткарууда.