Ажылыктын баасы жана коррупция. Муфтияттын алдында митинг өттү

Бишкектеги муфтияттын имаратынын алдына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы коррупцияны жоюу жана Аалымдар кеңешинин азыркы курамын алдыдагы шайлоого катыштырбоо талабын койгондор нааразычылыкка чыгып, боз үй тигишти.

Коомдук ишмер Алик Темиров ажылыктын баасы өтө эле кымбаттатылганына нааразы болду. Анын айтымында, ажылыкка баруу мурда 1,5 миң доллар болсо, учурда анын баасы 3,6 миң долларга чыккан.

Чогулгандар ажылыктын баасын түшүрүп, муфтийди тандоону таза өткөрүүнү талап кылышты.

Муфтияттын маалымат кызматынан «Клоопко» билдиргендей, чогулгандар муфтиятка эмес, Аалымдар кеңешине нааразы болуп акцияга чыгышкан.

«Алардын койгон талаптарына Аалымдар кеңеши жооп берсе керек, биз билбейбиз. Азыр муфтият өз тартибинде иштеп жатат», — деп КМДБдан билдиришти.

Бүгүн, 21-майда, муфтийликке талапкерлерден сынак алынмак. Муфтий болууга сегиз талапкер арыз берип, анын алтоо тандалып алынган. Алар: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шукур Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Убайдулла Сарыбаев. Ал эми Шакир Маматов менен Сайдамир Жейналиевдин билими талаптарга жооп бербейт деген жүйө менен шайлоодон четтетилген.

Андан сырткары, 22-майда муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын тандоо, Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлөрүн тандоо сынактары башталат. Ал эми муфтийди, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо 29-майда өтөт.

Муфтийликке, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

Муфтияттагы чуу

Буга чейин быйыл 10-февралда, муфтияттын башкы эсепчиси УКМК тарабынан кармалгандан кийин Максат Токтомушев муфтийликтен кетүү үчүн арызын жазган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин жетекчилик башкы эсепчи аркылуу УКМКнын өкүлдөрүнө 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган».

Токтомушев «муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар» деп кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгону жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экенине далилдер алынды», — деп билдиришкен УКМКдан.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Токтомушевдин тарапташтары соцтармактарда нааразычылыгын билдиришкен. Ал эми 11-февралда экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, Токтомушевди үй-камагына чыгарууну талап кылышкан.

Эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту мурдагы муфтийди жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарган.

Ал эми 14-февраль күнү Токтомушев видеокайрылуу жасап, «аны чет өлкөгө качып кетти» деген маалыматтарды таратпоого жана «президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоого» чакырган.