Муфтийликке алты киши ат салышууда

Муфтийлик орунга алты талапкер ат салышып жатканын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Алар:

Нурбек Токтогулов;

Султанали Гапуров;

Шүкүр Исмаилов;

Нематилла Жээнбеков;

Ниязали Арипов;

Убайдулла Сарыбаев.

Маалыматка ылайык, жогорудагы талапкерлердин берген документтери талапка жооп берет. Муфтийди тандоо сынагы 21-майда башталат. 

Ошондой эле, 22-майда муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын тандоо, Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлөрүн тандоо сынктары башталат. Ал эми муфтийди, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын , Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо 29-майда өтөт.

Муфтийликке, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

Муфтияттагы чуу

Буга чейин 10-февралда, муфтияттын башкы эсепчиси УКМК тарабынан кармалгандан кийин Максат Токтомушев муфтийликтен кетүү үчүн арызын жазган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин жетекчилик бухгалтер аркылуу УКМК өкүлдөрүнө 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган».

Токтомушев «муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар» деп кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгону жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экенине далилдер алынды», — деп билдиришкен УКМКдан.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Токтомушевдин тарапташтары соцтармактарда нааразычылыгын билдиришкен. Ал эми 11-февралда экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, Токтомушевди үй-камагына чыгарууну талап кылышкан.

Эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту мурдагы муфтийди жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарган.

Ал эми 14-февраль күнү Токтомушев видеокайрылуу жасап, «аны чет өлкөгө качып кетти» деген маалыматтарды таратпоого жана «президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоого» чакырган.