Бишкек шаардык кеңештин төрагасына карата сотко чейинки өндүрүш башталды

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировго карата «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мэрияда калаа бюджетинин божомолдонгон кирешесин жасалма жол менен көбөйтүлүп, муниципалдык кызматтардын жумушчуларына социалдык маселелерди чечүү жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн каралган каражаттардын эсебинен кошумча акыларды мыйзамсыз кошуп беришкен.

«Натыйжада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин бир айлык маянасы 120 000 сом жана 150 000 сомго көбөйтүлүп, натыйжада 2019-жылдан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 581 700 сомдук зыян келтирилген», — деп кошумчалашты Башкы прокуратурадан.

Башкы прокуратура бюджет долбоорун бекитүүдө Абиров мыйзамсыз кошумча үстөк акыларды кошуп берүү тууралуу маселени талкуулабаганын дагы кошумчалады.

Ошондой эле, материалдар башка дагы жооптуу кызматкерлерге карата катталганы белгиленет, бирок алардын аты-жөнү жана кызматы так айтылган жок.

Жаныбек Абиров жөнүндө эмнелер белгилүү?

Жаныбек Абиров 2018-жылы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган — көпчүлүк коалициясы аны талапкер катары көрсөткөндөн кийин 40 депутат добушун берген. Жаныбек Абиров 2016-жылы шаардык кеңешке КСДП менен келген.

Абиров эки жогорку билимдин ээси. ЖМКларга курган маектеринде Абиров шаардык кеңешке депутат болгонго чейин бизнес менен алектенгенин, анын ичинде көмүр ташуу менен алектенген транспорттук компанияны негиздегенин айтып берген.

Анын атасы Болотбек Абиров — Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүү боюнча тендерди бир нече жыл катары менен утуп жаткан «Рассвет Компани» компаниясынын негиздөөчүсү. Ошондой эле, Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Болотбек Абиров кыймылсыз мүлктү башкаруу жана дүң жана адистештирилбеген соода-сатык менен алектенүүчү бир нече компаниянын ээси катары көрсөтүлгөн.

2021-жылдын мартында Жаныбек Абиров 11-апрелде шаардык кеңешке өтө турган шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укутарын токтотконун билдирген. Апрелде өтүп, бирок жараксыз деп табылган шаардык кеңешке шайлоого ал «Эмгек» партиясы менен №1 болуп аттанган.