«Кара көлөч» сыйлыгын алган Нурбек Мурашевге депутаттык мандат берилди

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматов 28-майда өз ыктыяры менен мандатын тапшырды. Анын мандаты ошол эле күнү Нурбек Мурашевге берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Исхак Пирматов «Депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу» тууралуу БШКга арыз менен кайрылган. Анын арызы БШКнын 28-майдагы отурумунда каралган.

Мурашев 2016-жылдан 2019-жылга чейин айыл чарба министри болуп иштеген. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүндө абдан көп сынга кабылган. 2018-жылдын жаз айларында ал дыйкандарга картошка айдагыла деп кеңеш берип, бирок күзүндө анын баасы беш сомго түшүп кеткен.

Нурбек Мурашев

Мындан тышкары 2019-жылы Базарлар жана кызматтар ассоциациясына кирген Кыргызстандын бизнесмендери Нурбек Мурашевге «Кара көлөч» сыйлыгын тапшырган. Алар аны башка жетекчилердин арасынан «эң эле натыйжасыз» жетекчи деп табышкан.

Мурашевдин 2014-жылкы чуулгандуу окуяга да катыштыгы бар. Аны Улуттук госпиталдын дарыгерин сабады деп айыпташкан. Невролог Жамал Турганбаев журналисттер менен болгон маегинде депутат Мурашев аны Улуттук госпиталда сабагандан кийин «түрмөгө каматам» деп коркутканын билдирген. Ал эми Мурашевдин жардамчысы бул айыптоолорду четке кагып, жетекчиси эч кимди сабаган эмес деп билдирген.

Бирок, дарыгерлердин бири «Клоопко» депутат оорукананын бөлүм башчысын сабаганын тастыктаган. «Ал депутатты бөлүм башчы гана эмес, бул жердегилердин бардыгы – дарыгерлер дагы, медициналык кызматкерлер да, бейтаптар да көрүшкөн. Тана берет да», — деген ал.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.