Sinopharm вакцинасын алып келүүгө ЮНИСЕФ жардам берет

Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова Кытайдын Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын Кыргызстанга алып келүүгө ЮНИСЕФ (UNICEF) жардам берерин билдирди. Буга чейин Кытайдын бийлиги бул препараттын 150 миң дозасын Кыргызстанга гуманитардык жардам катары берген.

Ишенапысованын айтымында, учурда кытай тарап камсыздоонун көлөмү боюнча маалыматтарды бериши керек.

«Биз камсыздоочуларга кат жолдогонбуз, алар тастыкташты. Бирок вакцинаны алып келүү үчүн, жүктүн көлөмүн билишибиз керек: канча килограмм, саны канча. Камсыздоочулар ушул жумада маалымат беребиз дешти. Саламаттык сактоо министри ЮНИСЕФ менен макулдашып, алар вакцинаны алып келип бермей болушту. Аларда тиешелүү бөлүм жана башка өлкөлөр менен макулдашуулар бар. Өздөрүнүн каналдары аркылуу макулдашышат», — деп билдирген ал kaktus.media басылмасына.

Ишенапысова «Клоопко» азырынча жеткирүүнүн так күнү аныктала электигин билдирди.

Мурдараак Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан «учагы да, Пекинге барган авиакаттамы да жок» болуп аткандыктан Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын алып келе албай жатканын билдирген болчу.

Кыргызстандагы эмдөө

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Учурда кыргызстандыктарга Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын «Спутником V» вакцинасы сайылып жатат.

Марттын аягында Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келип түшкөн, бул 75 миң адамга жетет. Учурда бул вакцина менен ар бир каалоочу эмделе алат.

«Sputnik V» өнөкөт оорулары бар жана 65 жаштан улуу курактагы жарандарга гана берилип жатат.Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 29-майга карата Кыргызстанда жалпы 82 258 адам эмдөөдөн өткөн.

Дагы караңыз:
График. Борбор Азияда эмдөө кандай жүрүп жатканын билгиңиз келеби?